Коронавирус дагы 42 адамдан табылды, 16сы медицина кызматкери. Жалпы саны 419га жетти

Коронавирус дагы 42 адамдан табылды, 16сы медицина кызматкери. Жалпы саны 419га жетти

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин бүгүнкү 13-апрелге карата брифингдеub билдирүүсүндө караганда, дагы 42 адам (16сы медицина кызматкери) коронавирус жуктуруп алган. Кыргызстанда жалпы саны 419га жетти, каза болгондор 5, айыгып чыккандар 67.

419 адамдын 128и Ош облусунда, 91и Жалал-Абад облусунда, 59у Ош шаарында, 27и Чүй облусунда, 69у Бишкекте, 34 Нарын облусунда, Ысык-Көл облусунда алтоо, бешөө Баткен облусунда катталган. Медицина кызматкерлеринин саны 79га жеткен.

Эске сала кетсек, учурдагы кырдаалга жараша 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Түнкүсүн көчөгө адам да, машина да чыкпашы керек. Күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат берилген. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.