Видео – Баласын аеосуз сабаган ата да, аялы да, тилинен жаңылган мэрия кызматкери да “кечирип койгулачы” дейт го. Эми эмне кылабыз?..

Видео – Баласын аеосуз сабаган ата да, аялы да, тилинен жаңылган мэрия кызматкери да “кечирип койгулачы” дейт го. Эми эмне кылабыз?..

Ушул жумада калктын көңүл борборунда, кеп-сөздүн чордонунда болгон баласын аеосуз сабаган Ала-Букалык Эмил аттуу ата менен көп тилинен жаңылган мэриянын кызматкери Гуля Алмамбетова болду. Алар эми элден кечирим сурап жатышат.

Социалдык тармакка 17-апрелде үрөйдү учурган видео тарады. Андагы баласына зомбулук көрсөткөн атаны ИИМ таап, өздүгүн тактады. Алардын айтымында, окуя 16-апрелде, саат 11:00до Москвада болгон. Баласын сабаган ата Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 35 жаштагы Ж.Эмил аттуу адам. Ал үй-бүлөсү менен 2019-жылы күзүндө Орусияга кеткен. Учурда Москва шаарында жашайт. Ата-энелерди, күбөлөрдү полиция суракка алганда, баланын атасы кылган ишине өкүнүп, элден кечирим сураган. Анын 33 жаштагы аялы Ж.Жазгүл да  коомчулуктан кечирим сурап, күйөөсүн жазалабоону суранып, ыйлап турган чагы.

Эске сала кетсек, 17-апрелде тараган видеодо атасы баласын “отжимания жаса!” деп башка, көзгө уруп, тээп, таяк менен чаап, муунтканга чейин барган. Аны баланын апасы телефонуна тартып, “милицияга берем мен муну” дегени угулат.  Ал кош бойлуу болгондуктан ортого түшө албай койгон, анын сиңдиси ортого түшүп ыйлайт. Эми өзү ыйлап, “каматпагыла!” деп атат…

Ушул эле күнү Бишкек мэриясынын кызматкери Гуля Алмамбетова “Твиттердеги” баракчасына “көп балалуу үй-бүлөнү жек көрөм” деп элдин “тепкисинде” калган. Ал кайра кечирим сураган. Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев дагы аны кечирип коюуну суранып турган чагы. Эми эмне кылабыз?..

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.