Шейшекан ЖАНАЛИЕВА: “Эмнегедир өлүмдүн да, өмүрдүн да баркы билинбей бараткандай туюлат…”

Шейшекан ЖАНАЛИЕВА: “Эмнегедир өлүмдүн да, өмүрдүн да баркы билинбей бараткандай туюлат…”

“Өлүмдүн баркын өксүгөн жан билет” деген ыр сабындай, жакынынан ажыраган адам гана билет. Бир тууган инисинен ажырап, эки жыл жоктоо дарты менен ооруп араң өзүнө келген белгилүү, тажрыйбалуу журналист Жаналиева Шейшекан эжебиз өлүмдүн да, өмүрдүн да баркын билүү керектигин баса белгилеп, “Фейсбуктагы” баракчасына калтырган баалуу, кулагыбызга күмүш сырга болчу сөздөрүн даанышмандын кеби менен баштаптыр.

«Бир даанышман: «Өлүмдүн баркын билбей туруп өмүрдүн баркын кайдан билем» дептир. Эмнегедир өлүмдүн да, өмүрдүн да баркы билинбей бараткандай туюлат. Туюлат эле дейинчи. Даанышмандардын, ойчулдардын өмүр, өлүм тууралуу айткандарын эл уулу Элмирбек кайрадан эске салды. Пайгамбарбы, падышабы, катардагы бир адамбы, ар бирибиздин башыбызда акыры өлүм бар экенин, ажалдын улуктугун аңдадык. Бирок кээ бирөөлөр түбөлүк жашоочудай, дүйнөгө түркүк болчудай өлүмдөн да кыр чыгарып, кыйкым издөөнү кадыресе адатка айландыргандары өкүндүрөт. «Боору бүтүн, башы эсен адам жок» деген сөздү талдоонун деле кереги жок. Жоготуу, аза кайгысынын азабын тартпагандар дегеле жок болсо керек. Бирок айрымдар өздөрү, жакындары, бир туугандары өлбөчүдөй болуп аза кайгысынан баш көтөрө албай асманы аңтарылып, жер астын-үстүн болуп турган адамдын көңүлүн кантип оорутсам деген арам ой менен «курал» издешээрин турмуштун да, журналистиканын да казанында кайнаган калемгер катары тушукпай койгон жокмун. Чындап ажал жетсе, Улукман Аке, Умай эне да ажалды арачалай албайт. Тилекке каршы, кээ бирөөлөр: «Эмне болуп өлүптүр, эмнеге ооруйт?» дегендей текеберчилик менен дүйнө өмүрдөн өйдө көтөргүлөрү келгендей түр көрсөтүшөт.

Караколго отчет бергени келип жол кырсыгынан набыт болгон бир тууган иним Тентикемден ажырагандан кийин ажалдын эч бир күчкө баш ийбес албууттугуна, «көк жалдыгына» чындап көзүм жеткен эле. Отчетун алган бухгалтер келин: «Шакен эже, Тенти абанын отчетун түшкө чейин эле алып эрте кое бергеним үчүн ич майымды жеп уктай албай жатам. Эгерде түштөн кийин отчет алсам өлбөй калат беле, мени күнөөлөбөйсүзбү?» деп кечирим сурагандагы сөздөрү өмүр бою кулагымда калат окшойт. «Жок, сенде эмне күнөө, ажал келсе ал убакытка, мезгилге, ал тургай секундага карабайт тура, ошол саат, мүнөттө өзүнө оп жутуп алат тура?!» дегенимди да унутпайм. Анан экөөбүз кучакташып алып ыйлаганыбыз да эсимде, күчүбүздү көз жашыбыздан ошентип чыгарганбыз.

«Элмирбек Иманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты» деген суук кабардан кийинки кептер, божомолдор жакындарына, бир туугандарына, үй-бүлөсүнө гана эмес, башкалардын да сай-сөөгүн сыздатып, «өлгөндүн үстүнө көмгөндөй» эле түркөйлүк мамиле болууда. Элмирбектин ичээр суусу, көрөөр күнү түгөнгөн соң жанын арачалап айла кылып алып калаар эч бир күч жок экенин билип-сезип, туюп туруп эле ар кандай сөздөрдүн араанын ачып жибергенибиз УЯТ. Элмирбектин күйөө баласы Мирзат жазгандай, кичине эле ишенимдин учкуну жанса, атасын аман алып калмак да. Элмирбекке ыйлабаган адам болгон жок. Анча-мынчаны тогото бербеген «темир» аялдар да көз жаштарын тыя албай «жүрөгүбүз эңшерилип, ичибиз күйүп жатат, деги Элмирбек башкача жаралган жан го» дешти. Элмирбектин таланты, касиети, адамдык парасаты ого бетер бийиктеди. Ал өлүмдүн да, өмүрдүн да баркын тереңдетип кайткыс сапарына кетти. Анын өлбөстүгү мына ушунда! Элге жаккан Элмирбек, эми жерге жаксын” деп жазды Ш.Жаналиева

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.