Апасын кулпу менен башка чаап өлтүргөн окуучу кыз камакка алынды. Кокустукпу?..

Апасын кулпу менен башка чаап өлтүргөн окуучу кыз камакка алынды. Кокустукпу?..

Алай районундагы 16 жаштагы окуучу кыз апасынын өлүмүнө шектелип камакка алынды. Бул тууралуу “Turmush” басылмасы жазып чыкты.

Аталган сайттын журналисттери Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендатуранын маалымат борборунун башчысы Жеңиш Аширбаевге кайрылып, маалыматты тастыктаган. Анын айтымында, 25-апрелде, саат 10:00 чамасында Жошолу айыл өкмөтүндөгү айылдардын биринде 52 жаштагы аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн. Ал жерге милиция барып окуяны тактаган. 24-апрелде, кечки саат 22:00 чамасында 16 жаштагы кыз апасы менен уруша кетип, темир кулпу менен башына эки, үч жолу чаап, башка бөлмөгө кирип жатып алган. Кызынын колунан жаракат алган эне кансырап каза болуп калган. Бул факт реестрге катталып, Жазык кодексинин 138-беренеси (денеге оор зыян келтирүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, шектелген кыз эки айга камакка алынган.

Болжолдуу маалыматка караганда, маркумдун 4 баласы болгон, жолдошу 7-8 жыл мурун каза болуп калган. Ал эми “Турмуш” сайтына өздүк булактарынын берген маалыматына караганда, маркум кызы экөө гана жашап жүргөн, ичкиликке берилип кеткен. Каргаша болгон күнү да ичип келип, кызы менен уруша кеткенде кызы кулпу менен башка чапкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.