Аралдагы аймактык атуул “А” арибинен ардагерлерге арноо арнап…

Аралдагы аймактык атуул “А” арибинен ардагерлерге арноо арнап…

Ардагер Аталар!

Айткандарың акылга асыл айланар,

Ардагер ардактуу аталар!

Аргымакты алкынтыңар алчактатып,

Анда ай, алмончоктой азаматтар!

Апаат алдын аракеттенип алууга,

Алыска Ала-Тоодон аттандыңар.

Абасы атырдай аңкыган айлыбыздын,

Абдан-абдан ажарына арбалдыңар…

Аталар, апалардын арноосун алдыңар ай,

Айыгышкан апааттарда аянбастан

Алдыда аябай атыштыңар…

Абийирди, айткан антты аткардыңар,

Ата Журт алкышына арзыдыңар…

Аттиң ай, ардагер асыл аталарым,

Арабыздан акырындап азайдыңар…

Акырында айтаарым, Айылдагы аймактардын ардактуу, атактуу атуулдары, ардагар аксакал аталарды алпештеп ардактайлы. Айткан акылдарын айныбай аткаралы. Ардагер асыл аталарга алкышты арбын айтып, атайын арноолорду  арнайлы.

Ардагер асыл аталарга алкыш айтып, аталарга атайын арноо арнаган

Арал айылынан атуул Мирлан ЖАКШЫЛЫК уулу

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.