Султан РАЕВ: «Эрнис Асек уулу «Мастер жана Маргаританы» мыкты которуптур…»

Султан РАЕВ: «Эрнис Асек уулу «Мастер жана Маргаританы» мыкты которуптур…»

РЕДАКЦИЯДАН: 13-июнь Эрнис АСЕК уулунун туулган күнү. Аз жашады. Ажал эрте арбап кетти. Эрнис көз майын коротуп, жүрөгүн казык кылып сайып, ар бир сөзүн таразалап, ар бир сөзүндө жашап атактуу Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романын эки айда которуп, мукабасын да өзү жасап, басмаканага былтыр берип, зарыгып аны 7 ай күттү эле. Тилекке каршы, ал бул китепти көрбөй, барактарын ачпай, боегун сезбей дүйнө салды. Китеп “Турар” басмасынан жарык көргөнү турат. Бул китептин баш сөзүн Эрнис өзгөчө сыйлаган, агасы Мелис Эшимкановдун досу, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев жазган. Бул баш сөздү Эрнистин туулган күнүнүн урматына жарыялаганы турабыз. Кеп оролу, баш сөздө…

(Эрнис Асек уулунун М.Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” романын кыргыз тилиндеги котормосу жөнүндө)

Михаил Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” романы ХХ кылымдын адабий феномени гана эмес, ал азыркыга дейре окурмандардан тартып, адабий изилдөөчүлөргө чейин бүйүр кызытып, көптөгөн талаш-тартыштын эпицентрине айланган уникалдуу чыгарма. Ушу кезге чейин Булгаковдун бул романы көркөм ойлоонун жана көркөм таануунун, метафора менен сюрреализмдин, көп катмарлуулук менен каймана түшүнүктөрдүн уюткусу катары эч бир стандартка туура келбеген адаттан тыш адабий “сыр” бойдон калып келет.

Бул романдын тагдыры жазуучунун тагдырындай эле өтө татаал болгон. Булгаков романдын алгачкы версиясын өз колу менен өрттөп, күлгө айланткан. Таптакыр эстутумунан өчүрүп салып, аны кайра баштан жазган. Отко күйгөн  романды кайрадан үлөштүрүп, ар бир каарманды, ар бир сюжетти, мотивди тыкыр жазуучулук ички мотивация менен илгеп отуруп, романдын экинчи бир бир вариантын жазат. Мурдагы романды жазуучу кыпындап жыйнап ой тутум курайт. Бирок, айрым адабий изилдөөчүлөр бу романды акыр-аягына чыкпай калган роман катары да сыпаттап келишет. Анткени, жазуучу романдын акыркы чекитин койбогондой таасир калтырып, чыгарманын купуялыгын бир чети арттырып, бир чети табышмактуу сыр бойдон калтырып кеткен.

“Мастер жана Маргарита” романы Михаил Булгаковдун шедевралдык чыгармасы катары азыркы адабий эстеттердин ой жүгүртүүсүнө калпып алчу көп ойлордун учугун таштап кетти. Ашкере фантасмагория, катаал чындык, философиялык пассаж, бир нече сюжеттик тарамдардын, ошону менен бирге каармандардын ашепки көптүгү, динамикалуу кыртышы, романдын структурасы, татаал ой жүгүртүүнүн эстетикалык татымын ачык-айкын көрсөтүп турат.

Дүйнөлүк жана орус адабиятындагы адаттан тыш бул форма эки романды гана эмес, эки дүйнөнү параллелдүү сүрөттө менен аллегориялык мааниге, метафоризмге, сарказмга, магиялык реализмге ыктап, романдагы эки багыттын өрмө ой жүгүртүүсүн бир арканга байлап, реалдуулук менен сюрреалдуулукту ачуу чындыкка айлантат. Романдагы Берлиоз менен Воланд, Пилат менен Иешуа эки түйүндүн бир жандырмагына жуурулушат…

Романды окуган сайын жаңы соболдор, жаңы кырлары ачылат. Бул анын мезгил менен мейкиндикти бир тутумда кармай алган терең касиетинде, адамдык ойдун бул эки мейкиндикке сыйбаган өткөн менен келечекти туташтырып турган биримдигинде. Булгаковдук кайманалык өзүнүн реалдуулугун тарыхый чындыктан калпып алып, ойлор системасын, пластын, көп кырдуу кыртышын чагылдырып турат.

Михаил Булгаковдун романы бүткүл адамдык тарыхтын чен, өлчөмүнө жазылган түбөлүктүү чыгармадай таасир берет; сүйүү менен боорукерлик, жандүйнө эркиндиги менен кечиримдүүлүк чыгарманын өзөгү, лейтмотиви. Адам аң-сезими күндөлүк жагдайдагы аңдап-көрүп жүргөн окуянын тутумунун тамыры терең экендигин, кокустук менен зарылчылык тек жерден чыкпагандыгын, деги эле дүйнөдөгү кыпындай нерсе менен, улуу иштин тамыры акыры келип туташ чыгарын М.Булгаков өтө кылдат чеберчилик менен берген.

Романды биринчи жолу окуганда миң жолу окуган баракка кайра кайтып, окулган барактын эмес, сөздүн ортосундагы маани-маңызды аңдамайын бу романдын табиятын түшүнүү кыйын…

***

Михаил Булгаковдун гениалдуу чыгармасын кыргыз тилине буга чейин которууга  канчалык аракет болгонун билбей турабыз. Ким чыгынып, аны которууга бел байлаганын да уккан эмеспиз. Анткени, бу роман татаал, кеп татаалдыкта эмес, татаалдыгы Булгаковдун оюн гана эмес, үтүр, чекитинин жанын сезген адам гана бу чыгарманы которууга батынбаса, ал көрүнгөн “орто статистикалык” котормочунун колунан келе бербейт. Роман – ачылышты, роман – метафораны, роман – сукбатташууну, ошол романдын ар бир сөзүндөгү үндүн дабышын сезе билген адам гана батынууга акылуу деп айтар элем.

***

…Бул роман тууралуу раматылык досум Мелистин иниси, үкөм Эрнис Асек уулу менен көп жолу сукбат курганбыз. Бирок, ал эч качан Булгаковдун бу романын котором же которууга аракет кылсамбы деп да айткан эмес. Былтыр жайында Эрнис экөөбүз жолугуп калганбыз. Ошондо Эрнис “Мастер жана Маргарита” романын которуп жатканы тууралуу оюн билдирген. Кийинки жолку жолугушуубузда “Султан байке, баягыны которуп бүттүм” деп, эч кандай пафосу жок, кудум өзүнө жарашып турган сыны менен айткан эле. Бир чети мен таң калдым, экинчи чети… окугум келди… Эрнис өзү курдай акын-жазуучулар арасындагы эң окумал, интелекти терең, дүйнөлүк адабиятты казып окугандыгы менен айырмаланып турчу, ошол эле учурда өзүн эч качан “муну окудум, тигини окудум” деп көтөрө чапчу эмес.

“Сиздин элпочтаңызга салып жиберейин, жакса айтыңыз, бу романды узун-туурасынан көп окуган экөөбүздөй киши жок болсо керек…” деп тамашага салып калды. Романды жиберди. Окудум. Окудум да таң калдым… Буга чейин Эрнистин деле анча-мынча чыгармасын окуган эмес элем… Кээде айрым бир гана көзүм түшүп калган чыгармаларын окубасам…чындап Эрнисти терең билбептирмин, анын жазуучулукка өтө ынтызаар экендигин билер элем. Эң башкысы, ал чыгармачылыкка даярдыгы менен келгенин ушу котормодон сездим. Көзүм ачылды.

Михаил Булгаковдун романын Эрнис, биринчиден, кыртышына чейин түшүнгөнү, анын чыгармасындагы ар бир ойдун маани-маңызын сезе билгендиги, ошол эле учурда ошо маанини кыргыз тилинин касиети менен чебер которо билгендиги мени таң калтырды. Эрнистин көркөм потенциалын ошондо сездим. Ал көрсө өмүр бою ушул китепке карай жол алып келген экен…

***

“Кайда жүрөсүң десем, Сиздин орбитаңызда жүрөм” деп калчу. Мен Көк-Жар жаңы конушунда жашап жүрсөм, ал деле, ушул конушта көчөдөн көчөгө көчүп конуп, жубайы менен батирде жашап жүрүптүр… Улуу Булгаков  менен баарлашып, анын “Мастер жана Маргарита” романын которуп. Эрниске “Бул романды окуп бир ачылышка кабылсам, сенин котормоңу окуп экинчи ачылышка кабылдым, сонун которупсуң!” дегем. Ал сүйүнгөнүн билдирбей ууртунан билинер-билинбей жылмайган. “Сиз мага Мелис  досуңуздун иниси катары эле “комплимент” айтып жаткан жоксузбу?” – деди Эрнис. “Жок” дедим, ушу кыска сөздө менин чын дилимен айткан оюм турду.

***

Мен экөөбүз сүйлөшкөндөй баш сөз жазмак болдум. Эрнис романдын анча-мынча жерин карамак болду…

Арадан анча убакыт өтпөй чет өлкөдө жүргөндө сайттан “Эрнис Асек уулу каза болду” дегенди окуп алып, жүрөгүм зыркырады, бетиме муздак суу чачып жибергендей болду. Кайран досум Мелис да 50гө жетпей актыкка баш урса, Эрнис иним да 49 жашында акыретке жол алган экен. Жүрөк жыртылды. Кайгырдым.

Михаил Булгаковдун бир каарманы айткандай:

“ — Достовский умер!

– Протестую, Достоевский бессмертен!” — дегим келди.

Менин алдымда Эрнис инимдин акырын кылчая бурулуп, мени карап турган элеси тартылды…

Бет маңдайымдагы Эрнистин котормосунун ар бир сөзүндө, ар бир үтүрүндө, ар бир чекитинде гениалдуу Булгаковдун түбөлүктүүлүк жөнүндө жазган улуу ою келди.

Ошол улуу ойдо… кайран иним Эрнис да, досум Мелис да жашап жаткандай сезилди…

***

  Баш сөздү Эрнистин жубайы Назирага февралда жибердим эле. Ошондо мага куш тилиндей “смс” жибериптир. “Алдым байке, рахмат. Эрнисимдин кийимдерин жыттап, которгон романынын ар бир бетинен анын сөзүн, үнүн, демин издеп, квартирадан көчүп баратам…” деп, куш тилиндей кат жибериптир…

                                                          ***

    …Окурман, Сизге Эрнис инимдин артында калган табериги буйруп олтурат… Жакында чыгат. Окуңуз…

Султан РАЕВ,

Кыргыз эл жазуучусу

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.