Кубан МАМБЕТАЛИЕВ: «Кыргыз окурман үчүн бул китеп табылга болду»

Кубан МАМБЕТАЛИЕВ: «Кыргыз окурман үчүн бул китеп табылга болду»

Багы ачылбай келаткан «Мастер менен Маргарита»…

Филология илимдеринин доктору, профессор, академик Кубан Мамбеталиев агайыбыз айткандай, Михаил Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романынын кыргыз тилине которулушу кыргыз окурманы үчүн чоң табылга. Бул романды жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) 2019-жылы эки айда эле которгон. Ошондон бери (4 жылдан бери) багы ачылбай келет… Тилекке каршы, Эрнис өзү да жок, демөөрчү болом деген Улуттук жазуучулар союзунун жооптуу катчысы, “Турар” басмаканасынын ээси Тилек Мураталиев агабыз да жок. Экөө тең 2020-жылы өтүп кетти…  Бул жыл канча деген адамдын башын жеген жыл болгону менен эсибизде калды…

2019-жылы Тилек агабыз: «Эрнис, романды мыкты которупсуң. Китепти чыгарып берем. Бет ачарын да кылабыз. Ага чейин сен 10 академикке бул котормоңду сала бер. Алар бет ачарында келип сүйлөп, өз баасын берет» деген эле… 10 академиктин бири, жолдошумду окуткан агайы Кубан Мамбеталиев.  Тилекке каршы, Эрнис агайга бетме-бет жолугуп, бул роман боюнча сүйлөшө алган жок, бирок, агайдын электрондук почтасына жөнөтүп, пикирин окуп кетти… Компьютеринде сакталып калган Кубан агайдын пикирин Эрнистин туулган күнүнө (бир топ адамдардын эскерүүсүн 13-июндан бери берип келатабыз) карата берип атабыз. Жолдошумдун котормосун бат эле окуп, пикир жазып берген агайга терең ыраазычылык билдирем! “Мастер менен Маргарита” романынын кыргызча которулушу, чыкпай турганы боюнча сөз али алдыда…

Назира СААЛИЕВА

Кубан МАМБЕТАЛИЕВ: «Кылымдардын шедеври»

Михаил Булгаков ушул чыгармасын 1928-жылы баштаган, совет бийлигинин 10 жылдык маарекеси өткөндөн кийин. Алдыңкы иретке эки каарманды чыгарган — бири Кудай (Бог), бири Шайтан (Дьявол). Бирөө азапты тартат (жертва), бирөө азапка салат (злодей). Автор өзү муну так ушинтип эле атаган — “роман о дьяволе” деп. 1930-жылы Өкмөткө жазган катында “бул чыгармамды отко салдым” деди. Жазган катына жоопту Сталиндин өзүнөн алган. Ал Булгаковдун үйүнө телефон чалып, “Сизге чет өлкөгө кетүүгө уруксат берелиби? Биз сизди ушунчалык иренжитип салдык беле?” деп сурады. Мындайды күтпөгөн жазуучу алдастап, “Жок, эми кетпейм, ушул жерде калам” деп жооп кайтарды. Кетпеди. Театрга чакырып, кызмат беришти. Отко салган романын кайра калыбына келтирди, кайталады. Мунун биринчи варианты төрт жылда бүттү (1932-1936). Андан кийин, чоң террор башталганда (1937-жылдын күз айлары), автор чыгарманы оңдоп-түздөп негизги вариантын жазып чыгып, “Мастер и Маргарита” деп атады. Бирок бул жарыкка чыккан жок, өзү муну китеп түрүндө көрбөдү (1940-жылы 13-февралда оорудан көз жумган). Роман окурмандарга чейрек кылымдан кийин  жетти. 1966-жылдын ноябрь айында “Москва” деген журналдын сандарына жарыяланды, муну алам дегендер “Союзпечать” киоскаларына тизилип калышкан. Китеп түрүндө 1989-жылы Киев шаарынан басылды, андан кийин Москвадан чыккан 5-томдугуна кирди. “Грандиозный” чыгарма катары кабыл алынды. Албетте, бул роман орус жана дүйнөлүк классика менен байланышкан. Байланыштын өзөгүн Иисус Христос менен Понтий Пилаттын окуясы түзөт (Библияга кирген окуя, биздин кылымдын 33-жылы орун алган). Римдин прокуратору (даткасы) Понтий христиан дининин негиздөөчүсү Иисусту жазалоого жол ачкан. Федор Достоевскийдин “Братья Карамазовы” романында “Легенда о Великом инквизиторе” деп аталган главасы бар (инквизитор бул Понтий Пилат). Леонид Андреев “Иуда из Кариота” деп повесть жазган, бул жерде азапка түшкөн жана азапка салган адамдардын бири-биринен ажырагыс түйшүгү көрсөтүлөт. “Где жертва, там и палач и предатели там! Жертва – это страдания для одного и позор для всех”. Ооба, курмандыкка чалынган адамдын маңдайында жасоол турат, артында болсо чыккынчысы турат.

Кыргыз адабиятында деле Булгаковдун романына түздөн-түз байланган бир чыгарма бар, бул Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романындагы Понтий Пилат менен Иисус Христостун легендасы. Мындай түрдөгү чыгармачыл байланыштар адабияттын теориясында “рецепционные связи” деп аталат. Кыргыз адабиятынын классиги өзүнүн доорундагы (20-кылымдын акыркы чейреги) даанышман менен шайтандын ортосундагы карама-каршылыктар библиялык сюжет аркылуу даана чагылдырды. Орус классиги өзү жашаган мезгилдин жүзүн ачып берди, бул 30-жылдардагы репрессиялар, ушуну жараткан жетекчи, Понтийдин эстафетасы, шайтанга шарт түзгөн мамлекет.

Булгаковдун бул чыгармасы кыргыз тилине биринчи жолу которулуп жатат. Котормонун автору Эрнис АСЕК уулу (кыргыз журналистикасындагы легендарлуу редактор Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси) кылдаттык менен иштеп, профессионалдык деңгээлдеги натыйжага жетти. Мындай какшыктын (ирония менен сарказмдын) бийик үлгүлөрүнө ширелген чыгарманы которууга орус адабий тилинин түпкү тамырларын кармап билүүгө жана кыргыз тилинин ички “обондорун” угуп сезүүгө кудурет керек. Котормонун текстинде ушу бар.

Романдагы бөлүмдөрдүн башталыштары жатка билинип калган. Биринчи главанын котормосун карайлы. Мына. “Бир жолу жазында, күн болуп көрбөгөндөй ысык бойдон батып бараткан саатта, Москванын Патриарши көлмөсүндө эки жаран пайда болду”. Таамай жеткен, деталдарды камтыган котормо. “Патриарши көлмөсү” бул “Патриаршие пруды” деген белгилүү жерди (көркөм элесин бузбай) көрсөтүп турат.

“Маргарита” деп аталган 19-глава минтип башталат. “Менин артыман ээрчий бериңиз, азиз окурман! Бул дүйнөдө чыныгы, таза, түбөлүк сүйүү жок деп сага ким айтты эле?”  Жакшы которулду, “замечательно” дечи, бирок ушул айтымдын артында турган бир сүйлөм кыскарып калыптыр. Орусчасын карасак мындай. “За мной, читатель! Кто сказал тебе, что нет на свете настоящей, верной, вечной любви? Да отрежут лгуну его гнусный язык!” Акыркы сүйлөм котормодо жок. Котормочу муну ашыкча десе керек (балким “гнусный” деген жерин жактырбады). “Гнусный” болсо “кара ниет, бузуку” дегенди билдирет, болгону ушу. Анан “окурман” деген сөздү “азиздебей” койсо болмок, себеби оригиналда эпитет жок, жөн эле “читатель” деп турат. “Азиз” болсо орусча “дорогой”. Булгаковдун стили  “дорогой” кайрылуудан алыс, себеби бул “жесткий реализм”, мында жумшак эпитеттер колдонулбайт, буларга орун жок. Ашыкчанын кереги жок, ал эми жанагы кыскарган жерди толукташ керек. “Калпычынын тили кесилсин!” деп кептин маанисин көрсөтүү зарыл. Классиктин ар бир сөзү алтынга барабар.

Дагы бир жерин карап чыгалы, бул Понтийге тиешелүү 25-глава. “Жер ортолук деңизден келген караңгы прокуратор жек көргөн шаарды басты”. Романдын эң белгилүү цитатага айланган жери ушул. Оригиналды келтирели. “Тьма, пришедшая со Средиземного моря, накрыла ненавидимый прокуратором город”. Котормосу мыкты болду. Отлично. Иерусалим шаары жүнүндө кеп, ушул шаардын четинен Иса пайгамбардын жер жүзүндөгү өмүрү үзүлүп, асмандын мейкининде уланып калды.

Кыргыз окурман үчүн бул китеп табылга болду, мындай романдар автор жашаган кылымдын жүзүн көрсөтүп, кийинки кылымдарды багындырат. Мындай чыгарманы “шедевр” деп аташат, булар сан иретиндеги (биринчи-экинчи, өйдөнкү-ылдыйкы) сапаттоого жатпайт. Сандан өйдө. “Шедевр” сөзү француз тилинен келген, муну менен илгери “уста” деген бийик даражага жетиш үчүн жасалган буюмду аташчы. Михаил Булгаковдун романы ушундай деңгээлге жетти. Муну накта “Мастер” жараткан.

Кубан МАМБЕТАЛИЕВ, 

Филология илимдеринин доктору, профессор, академик

P.S. Окурмандар байма-бай сурап, зарыгып күтүп жаткан «Мастер менен Маргарита» китеби буйруган күнү жарык көрүп калаар… Каерде болбосун жолдошумдун атын атап, эскерип, чыгармаларын какшап айтып келаткан Жазуучулар союзунун жетекчиси, мыкты акын Нурлан Калыбековдун: «Эрнис жакшы адам болчу. Мыкты котормочу эле… Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романын мыкты которгон. Кудай буйруса, быйыл чыгарабыз» деп айтканы бар. Нурланга ишенем, ал айткан сөзүнө бекем турган жигит. Башкалардай эмес! Дегеним, 2-3 адам аталган романды чыгарып беребиз деп сөз берип коюп «жоголуп» кетишти…  Алардын мындай жоругу «Эрнис АСЕК уулу» китебине кенен жазылды… Бул дагы тарых!

«Мастер менен Маргарита» романдын баш сөзүн Кыргыз эл жазуучусу Султан РАЕВ жазган. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.