Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: «Манас эпосу түгөнбөй турган улуу кенч» (ВИДЕО)

Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: «Манас эпосу түгөнбөй турган улуу кенч» (ВИДЕО)

Бүткүл дүйнөлүк эпос айтуучулардын биринчи форуму башталды

Бүгүн, 15-июнда, «Манас»  улуттук академиясынын демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк эпос айтуучулардын биринчи форуму башталды. Аталган форум президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу жана “Манас” эпосун, популярдаштыруу боюнча концепцияны ишке ашыруу боюнча 2023-27-жылдарга карата түзүлгөн иш-чаралардын планын турмушка ашыруу максатта өткөрүлүп жатканын уюштуруучулар билдирди. 

«Манас» улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиевдин айтымында, эпосу жана айтуучусу бар ар бир элдин улуттук мүнөздөгү көйгөйлөрү бар. Аларды чечүүдө эпос да, анын айтуучусу да өзгөчө роль ойнойт. Ошондуктан ушул өңдүү суроолорду аныктап чечүү үчүн Форум өзүнүн алдына максат коёт. Максаты — дүйнө элдеринин эпос айтуучулары менен эпос таануучуларынын башын бириктирип эл аралык уюм түзүү. Форум илимий эмес, эркин диалог форматында өткөрүлөт. Эл аралык форматтагы айтуучулардын бул Форумунда өткөрүлө турган мындай диалог дүйнө коомчулугу үчүн өтө маанилүү.

Назира ААЛЫ кызы: «Манаска кызмат кылчу учур келди» 

Форумдун ачылышына Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Монголиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ганхуяг Содном, Россия, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү жана алтай, башкыр, бурят, монгол, өзбек, тува, хакас, якут элдеринин эпос айтуучулары, коомдук ишмерлер Турсунбек Акун, Калык Мамбетакунов, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, «Манас» улуттук академиясынын президенти, филология илимдеринин доктору, манасчы Талантаалы Бакчиев жана академиянын вице-президенти Назира Аалы кызы катышты. «Манаска кызмат кылчу учур келди» дейт Назира айым.

Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: «Ар бир улуттун көөнөрбөй турган эпосу бар»

Модератор Талантаалы Бакчиев Сүйүнбек Касмамбетовго сөз берди. Мамкатчы форумга ар кайсы мамлекеттен келип катышып жаткан катышуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Мамкатчы: «Ушундай маңыздуу эл аралык форумдун болгону биз үчүн өтө маанилүү. Ар бир улуттун өзүнүн руханий улуу байлыгы болгон, көөнөрбөй турган эпосу бар. Кыргыз элинин Манас эпосу түгөнбөй турган улуу кенч. Былтыр мен Якутияга бардым. Ал жерден манасты кыргыз тилинде которгон мыкты эпос айтуучулар менен чогуу жүрдүм.  Эпос айтуучулар аркылуу биздин манастын жайылганын угуп, абдан кубандым. Мен тарых факультетин аяктагам. Манасты мен жомок деп ойлогом… Ошондон улам манасты мен эми окуп, манаста мамлекеттик түзүлүш, экологиялык өзгөчө кырдаал, маданият бар экенин эми билип отурам.  Мына, бүгүн да эл аралык форумга жүрөгүндө нарк уюган, өнөр баалаган адамдар келип катышып жатканына кубанып турамМына, Калык агай (Мамбетакунов), коомдук ишмер Турсунбек Акун, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков катышууда. Турсунбек Акун манас айтып, комуз чертет. ырдап да жиберет. Бул иш-чара боюнча президентибиз Садыр Жапаровго маалымат берилет» деп уюштуруучуларга, катышуучуларга ийгилик каалады.

Марат ТАГАЕВ: «Кыргыз улутунун тили менен маданияты кылым карыткан улуу “Манас” эпосунда»

Андан кийин сөз алган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев бардык катышуучуларды куттуктап, манас эпосун сактап, муундан-муунга жеткирип, жайылтып келаткан манас айтуучулар экенин баса белгиледи.

«Бул форумга чет мамлекеттердин да эпос айтуучулары келип катышып отурушат. Сиздер кыргыз манасчылары менен айтуучулук өнөрдүн бүгүнкү коомдогу орду, милдети жана озуйпасы тууралуу ой бөлүшөсүздөр деп ойлойм. Улуу элдин уюткулуу өнөрү болгон Манас эпосу, миң сапты боюна батырган манасчылар улуттун өзөгүн кармап турган – кыргыз өнөрүнүн башаты деп билебиз. Мезгил, доор алмашып, тоо бузулуп түз болуп, убакыттын канаты канчалык узак серпсе дагы — бир гана өнөр улуттун алтын казыгындай көөнөрбөй кылымдан-кылымга мурас болуп кала берет. Себеби, улуттун бар экендиги анын тили менен маданиятында! Ал эми кыргыз улутунун тили менен маданияты кылым карыткан Улуу “Манас” эпосунда”, — деди Марат мырза.

Кандай темада баяндама жасалды?

Иш-чарада эпос айтуучулардын коомдогу орду, ролу жана келечеги талкууланды. Монголия, Өзбекстан, Алтай, Башкыртстан, Бурятия, Якутия, Тува, Хакасиядан келген эпос айтуучулар «Айтуучу деген ким?», «Айтуучунун азыркы коомдогу орду жана ролу кандай?», » Айтуучудардын бирдиктүү мейкиндигин түзүү — руханий туңгуюктан чыгуунун бирден бир жолу» теманын тегерегинде баяндама жасашты. Ошондой эле алар биринчи жолу Кыргызстанда өтүп жаткан форумдун маани-маңызына, токтолушуп, мындан ары башка өлкөлөрдө да уланышы керектигин баса белгилешти.

Форумга катышкан Калык мырзадан иш-чара боюнча оюн сурасак, мындай эл аралык форум керектигин айтып, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

«Эпикалык дүйнөгө саякат»

Ушул эле күнү кечинде, саат 17.00дө Улуттук тарых музейинде эпос айтуучулар өнөрүн тартуулашат. Урматтуу окурмандар, келип көрүп кетиңиздер!

Эртең, 16-июнда, катышуучулар Ысык-Көлгө сапар тартышат. 17-июнда Жыргалаңда форум уланып, 18-июнда жыйынтыкталат. Уюштуруучуларга жана катышуучуларга ийгилик каалайбыз!
Жогоруда Назира Аалы кызы айткандай, манаска кызмат кылчу учур келди! Кызмат кылалы, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.