Видео — Адахан МАДУМАРОВ: «Биз жеӊилдик, жеӊдик деп айтууга ооз барбайт. Себеби…»

Видео — Адахан МАДУМАРОВ: «Биз жеӊилдик, жеӊдик деп айтууга ооз барбайт. Себеби…»

Бүгүн, 5-октябрда кечээги шайлоодо жети пайыздык босогодон өткөн 4 партия катарына кирген «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров тарапташтарына видеокайрылуу жасады.  Алгач шайлоодогу колдоо үчүн ыраазычылык айтып, анан шайлоо тууралуу пикирин билдирди. Айтымында, ал учурда түн уйкудан калып, «чындык менен жалгандын ортосунда калганын, таразанын экинчи жагында турган акча жана азгырык, туңгуюк, караңгылык жана арамдык жеңип кеткенин», «жеӊилдик, жеӊдик деп айтууга ооз барбай», же кубанарын, же кайгырарын, же өкүнөрүн билбей аралаш сезимде болуп жатканын маалымдады. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүӊүз:

Эске сала кетсек, кечээ, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо болуп өттү. БШКнын түнкү саат 12.00гө карата маалыматы боюнча: «Биримдик» — 24,53%; «Мекеним Кыргызстан» — 23,9 %; «Кыргызстан» — 8,74 %; «Бүтүн Кыргызстан» — 7,09 % менен алдыга чыгып, шайлоого аттанган 16 партиядан ушул төртөө гана жети пайыздык босого чектен өтүп, калган 12 партия ашуу ашалбай белде калган эле.

Айтмакчы, «Бүтүн Кыргызстандан» кийин келаткан «Мекенчил» партиясы 6,85% менен босого чекке бир аз жетпей токтосо, «Республика» партиясынын жыйынтыгы 5,81%ды түзгөн.

БШК айтымында, (албетте, башка пикир айтылмак эмес) шайлоону таза өткөрүш үчүн бардык шарттар түзүлгөн, одоно мыйзам бузулуулар катталган эмес (!), шайлоо атаандаштык менен ачык-айкын, таза өткөн.

Ал эми көпчүлүк эл мындай маалыматка ишенбейт. Ошон үчүн бүгүн, 5-октябрда, алар борбордук аянтка тынчтык минтигине чыгышты, нааразылык акциясы өтүп жатат. Жана шайлоодо добуш сатып алуу, коркутуп-үркүтүү өтө көп болгону, шайлоо жыйынтыктарын тааныбай турушкандыктарын айтылууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “Видео — Адахан МАДУМАРОВ: «Биз жеӊилдик, жеӊдик деп айтууга ооз барбайт. Себеби…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.