Митингчилер Ак үйдү алып, ичине Атамбаевди алып киришти

Митингчилер Ак үйдү алып, ичине Атамбаевди алып киришти
Фото: Sputnik 

Митингчилер Жогорку Кеңештин дарбазасын талкалап киришкенин жана Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевди Ак үйдүн ичине алып кирип кетишкенин Sputnik маалымат сайтынын аянтта жүргөн кабарчысы билдирип, жазып чыгышты.

Эске сала кетсек, БШК маалыматы боюнча 4-октябрдагы шайлоодо 7%дык босогодон өттү делип төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары аныкталган. БШК тастыктоосунда шайлоо абдан таза, ачык-айкын өткөн. Ал эми элдин айтымында, таза өткөн жок, ыплас өттү. Нааразы болгон эл Ала-Тоо аянтына жыйналып, ал жерге 12 партиядан («Ата Мекен», «Бир Бол», «Замандаш», Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Ордо», «Ыйман нуру», «Мекенчил», «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери»)  өкүлдөр келип, шайлоо жыйынтыгын таанышпай тургандыктарын жана аны жокко чыгарууну талап кылып, аянттан эч кайда кетпей тургандыктарын билдиришкен. Бирок, милиция күч менен элди таратууга өтүп, ал иш-чара учурунда жабыркагандар саны 122ге (кырктайы милиция кызматкерлери, бири медик) жеткенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирген эле.

Бүгүн, 6-октябрда, таңкы саат 09.00дө президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого катышкан партиялардын лидерлери менен жолугат. Толук маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

6 thoughts on “Митингчилер Ак үйдү алып, ичине Атамбаевди алып киришти

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.