Өкмөт башчылыкка Бабанов, Сулайманов, Сооронкулова, Токтогазиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү…

Өкмөт башчылыкка Бабанов, Сулайманов, Сооронкулова, Токтогазиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү…

«Ата Мекен», «Реформа», «Бир Бол», «Республика» партиялары премьер-министрликке төрт талапкерди сунуштап жатат. Бул тууралуу журналисттерге VI чакырылыштагы ЖК депутаты, VII чакырылыштагы парламентке «Ата Мекен» партиясынан талапкер Рыскелди Момбеков билдирди. Айтымында, парламенттик жыйында өкмөт башчылыкка «Республика» Өмүрбек Бабановдун, «Реформа» Клара Сооронкулованын, «Бир Бол» Алтынбек Сулаймановдун, «Ата Мекен» Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөтөт.

Бүгүн, 8-октябрда, парламенттин чукул жыйыны өтөөрү болжолдонууда. Убактысы азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, буга чейин «Ата Мекен» партиясынан талапкер Тилек Токтогазиев 60тай депутаттын Садыр Жапаровду премьер-министр кылуу чечимин тааныбай тургандыгын, премьер-министр болууга даярдыгын жар салып чыккан. Ал эми «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова Жумадыл Эгембердиевдин талапкерлигин сунуш кыларын билдирген.

Эске сала кетсек, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жарымы (62 депутат деп саны да айтылган)  чогулуп жыйын өткөргөн. Анда спикерликке Мыктыбек Абдылдаевдин, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталып, колдоо тапкан. Жыйын аягында Мыктыбек Абдылдаев Садыр Жапаров соттон толук акталгандыгын айтып, куттуктаган. Ага катар ал жыйында премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы көрсөтүлгөн эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Өкмөт башчылыкка Бабанов, Сулайманов, Сооронкулова, Токтогазиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.