ВИДЕО — Мелис Мырзакматов президент чалып, эмнени дайындаганын айтты…

ВИДЕО — Мелис Мырзакматов президент чалып, эмнени дайындаганын айтты…

Бүгүн, 8-октябрда Ош шаарынын мурдагы мэри Мэлис Мырзакматов журналисттер менен жолугуп, алардын бардык суроолоруна жооп берди. Анда ал мамлекетти турукташтыруу үчүн ким (Атамбаев, Бабанов, Мадумаров, Жапаров, Ташиев) менен болсо да сүйлөшүүгө даяр экендигин баса белгилеп, ЖК депутаттары Искендер Матраимов жана Асылбек Жээнбеков менен жолугуп сүйлөшкөнүн ачык эле айтты. Кыргызстандагы кырдаалды чыр-чатаксыз, тынчтык жолу менен чечүүнү, мыйзамсыздыкка барбоону суранып, бардык иш-аракеттер мыйзам талаасында болушу керектигин билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен байланышканын да айтты. «Ал киши өзү чалып: «Кыргызстандын ынтымагына жардамыңарды бергиле. Мелис, сен тажрыйбалуусуң, салымыңды кош!»,- деди. Мени президент Кыргызстанга чакырган жок, эл чакырды«,-деди.

Интервьюнун толугун «Турмуш» тарткан ВИДЕОдон көрүӊүз:

Эске сала кетсек, Мелис Мырзакматовго 2014-жылы кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган жана сыртынан жети жылга соттолгон. Мырзакматов кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап келаткан.

Алты жылдан кийин, 7-октябрда, түнкү саат 01:25те  Түркиядан Ошко учуп келип, эл менен жолугушкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.