Атамбаев менен Бабанов биригип, Ала-Тоо аянтына аттанышты…

Атамбаев менен Бабанов биригип, Ала-Тоо аянтына аттанышты…
Фото: «Спутник»

Бүгүн, 9-октябрда, Бишкектеги “Форум” ишканасынын алдында митинг өтүп, ал жерге экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаков, экс-мэр Албек Ибраимов келди. Атамбаев досу Жээнбековду кызматтан кетирүүгө чакырды. Ал сүйлөгөндөн кийин митинг жыйынтыкталып, ал жердегилер чогуу Ала-Тоо аянтына бет алышты.

Ал эми ал учурда Бишкектеги Эски аянтта Садыр Жапаровдун тарапкерлери да митинг өткөрүп жатышкан. Садыр Жапаров кечээ кечинде тарапташтарынын алдына чыгып, Бабановго жолукканын, ал да премьер-министр болгусу келип жатканын, анын артында Атамбаев тураарын айткан эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.