Таалатбек МАСАДЫКОВ: «Премьер-министрликке сунуш болсо да кабыл албайм, себеби…»

Таалатбек МАСАДЫКОВ: «Премьер-министрликке сунуш болсо да кабыл албайм, себеби…»

Эксперт Таалатбек Масадыков премьер-министрликке анын да талапкерлиги каралып жатат деген маалыматты төгүндөдү. Ал өкмөт башчылыкка баруу ниети жоктугун «Азаттыкка» мындай деп билдирген:  «Премьерликке талапкер экенсиң деп элден гана угуп жатам. Расмий сунуш түшкөн жок. Мансап алалы деген эч кандай максат жок, биздин каалообуз башка. Мен сунуш болсо да кабыл албайм. Бирок азыркы кыйын кырдаалда стабилдүүлүккө келтиргенге жардам берүүгө аракет кылам«.

Ошентип, Өкмөт башчысы болчу талапкерлер катары улам калыӊдап жатат. Белгилей кетсек, буга чейин  Аликбек Жекшенкулов, Узарбек Жылкыбаев, Таалатбек Масадыковдун, ага чейин кайсы бир партиялар атынан сунушталууда делип Өмүрбек Бабановдун, Клара Сооронкулованын, Тилек Токтогазиевдин, Алтынбек Сулаймановдун аттары аталып жаткан.

Ал эми Садыр Жапаров боюнча айтсак, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жарымы (62 депутат деп саны да айтылган) чогулуп жыйын өткөрүп, анда спикерликке Мыктыбек Абдылдаевдин, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталып, колдоо тапкан. Ага катар ал жыйында премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы айтылган. Бирок Бороновду кызматынан кечээ, 9-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков бошотту.

Азыр болсо, VI чакырылыштагы ЖК депутаттарынын премьерликке эч кимди шайлабаган жарымы Садыр Жапаровду мыйзамсыз шайланды деп каршы чыгып, бир пикирге келише элек.

Садыр Жапаров болсо, «бу кызматка мыйзамдуу келдим, ишиме айрым саясатчылар тоскоол болуп жатат» деген пикирде. Анын жактоочулары да «бул кызматка Садыр бекимейинче кетпейбиз! Садыр! Садыр!” деп кыйкырып деп Эски аянтта, Өкмөт үйүнүн алдында турушат.

Кыскасы, талашка түшкөн бул тактынын тагдыры бүгүн чечилет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.