Жакшылык МАТАНОВ: «Атамбаев, Бабанов, Жапаров, бир столго отуруп, чечим кабыл алгыла!»

Жакшылык МАТАНОВ: «Атамбаев, Бабанов, Жапаров, бир столго отуруп, чечим кабыл алгыла!»
«Замандаш» партиясынын мүчөсү Жакшылык Матанов улуу муун саясатчыларын ынтымакка чакырды. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына мындай билдирүү калтырды: «Билим берүү — менин ишим. Амбициям дагы жок, эптеп бир кызматка барайын деген. Менин ишим мага жетет. Мен, мыйзамдуу жол менен ким келсе, ошого баш ийип жашайм! Атамбаев, Бабанов, Жапаров, бир столго отуруп, чечим кабыл алгыла! Амбицияңарды тыйып, ынтымакта келгиле!
Шыбагандар, мени жетелеп барсаңар дагы кызматка барбайм! Мен үчүн элимдин тынчтыгы, өлкөмдүн бүтүндүгү, мамлекетимдин эгемендүүлүгү маанилүү!«
«Акыл — жаштан» деген ушу да… Угушар бекен, ошол ойлондурат, түпөйүл кылат…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.