Бүгүнтөн баштап коменданттык саат иштеп баштады

Бүгүнтөн баштап коменданттык саат иштеп баштады

Бүгүн, 11-октябрда, кечки саат 21.00дөн таңкы саат 5.00гө чейин коменданттык саат Бишкекте иштеп баштады. Комендант Алмаз Орозалиевдин буйругу менен көчөгө чыгууга чектөө киргизилди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш депутаттары президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгын карай элек. Мыйзам боюнча, парламент бекитип бербесе, өзгөчө абал режими үч күндөн кийин күчүн жоготот.

Эске салсак, 9-октябрдан баштап 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка президент кол койгон эле. Анын алкагында комендатура түзүлүп, жетекчиси болуп ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.