Бүгүн Алмазбек Атамбаев менен Курсан Асановдун бөгөт чарасы сотто каралат

Бүгүн Алмазбек Атамбаев менен Курсан Асановдун бөгөт чарасы сотто каралат

Бүгүн, 12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев жана Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы каралат. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева журналисттерге билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун да бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралат.

Эске сала кетсек, 10-октябрда Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө жансакчылары Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев менен кошо кармалган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов да кармалып, күбө катары көрсөтмө беришкен соң коё берилген. Алар 9-октябрда Бишкектеги «массалык башаламандыкты уюштуруу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышканын УКМК билдирген.

10-октябрда ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган.

Кечээ, 11-октябрда, Раиса Атамбаева жолдошун, балдарын УКМК кандай кылып кармап кетишкенин айтып, элге кайрылган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.