Садыр ЖАПАРОВ: «Курорттогу мүлктү рейдерлик менен басып алууга, ишкерлерди опузалоого жол берилбейт!»

Садыр ЖАПАРОВ: «Курорттогу мүлктү рейдерлик менен басып алууга, ишкерлерди опузалоого жол берилбейт!»

Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда, өкмөттүн сайты жазып чыкты. Айтымында, Садыр Жапаров курорттук аймактагы мүлктү рейдерлик менен басып алууга жана анда иштеген ишкерлерден опузалап акча талап кылууга жол берилбестигин баса белгилеген. Ошондой эле ал ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Улан Ниязбековго бул маселени иликтеп чыгып, мындан ары ушул сыяктуу аракеттерге чек коюуну тапшырган.

Эске сала кетсек, буга чейин Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын ээлеринен белгисиз адамдар опузалап акча талап кылып, менчигин тартып алуу аракеттери болуп жаткандыгы тууралуу социалдык тармактарга маалымат жана видео 12-октябрда тараган эле. Ал видеодон жаш келинге бир топ адам басым кылып кагаз жаздырып жатканын көрүүгө болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.