Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев кайра абакка отургузулду

Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев кайра абакка отургузулду

Экс-депутат Ширин Айтматова кечээ, 12-октябрда «Твиттерге» жазып чыккан бул маалыматты бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тастыктады.

Айтымында, мындай чечим 12-октябрда кабыл алынган. Сыргак Кенжебаев 8-декабрга чейин Бишкек СИЗО-1ге жеткирилген. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз прокуратура тарабынан берилген.

Эске сала кетсек, Сыргак Кенжебаев 2019-жылы 20-декабрда Алматы аэропортунан «ири өлчөмдөгү алдамчылык» боюнча шек саналып кармалган. Ага эки кылмыш иши козголгон. 6-октябрда Бишкектеги башаламандыктан кийин камактан бошотулган эле.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.