Президенттин басма сөз катчысы Стамалиева президенттин кызматтан качан кетээрин айтты

Президенттин басма сөз катчысы Стамалиева президенттин кызматтан качан кетээрин айтты

Бүгүн 14-октябрда президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан качан кетээрин журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчы кызматынан өлкөдө кырдаал турукташканда, парламенттик шайлоону өткөрүп, президенттик шайлоо жарыяланган соң гана кетет. Премьер-министр Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда «бүгүн кечинде кызматын тапшырышы керек» деген талабын койгон. Президент ага азыркы кырдаалда кызматты таштап кете албай турганын, бул өлкөгө зыяны тийүүчү күтүлбөстүктөргө алып келиши ыктымал экенин билдирген.

Президенттин кызматтан кетүү мөөнөтү айтылганбы?

Ошондой эле Т.Стамалиева президент бир дагы билдирүүсүндө же маалымат кызматынын билдирүүлөрүндө кызматтан кетүү мөөнөтү айтылган эместигин баса белгиледи. «9-октябрдагы билдирүүсүндө мамлекет башчы “Биз өлкөнү эртерээк мыйзам жолуна алып келишибиз керек. Мен Кыргызстандын президенти кызматынан өлкө мыйзам жолуна түшкөндөн кийин кетүүгө даярмын” деп билдирген”,-дейт Стамалиева.

Президент менен премьердин сүйлөшүүлөрүнө кимдер катышкан?

Т.Стамалиеванын маалыматына караганда, президент менен премьер-министрдин сүйлөшүүлөрүнө  президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев, кеңешчиси Мурат Шайымкулов жана аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков катышкан. Ал эми Садыр Жапаров тартаптан депутаттар Талант Мамытов, Курманкул Зулушев жана экс-депутат Камчыбек Ташиев катышкан. Алар дагы президенттин кызматтан кетиши керек деген позицияда.

Эске сала кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Ала-Тоо аянтына митинги уюштурушкан. Аягы милициялардын кагылышуусу менен аяктаган. Митингчилер Ак үйдү, УКМКны басып алышкан жана абактардан бир топ саясатчыларды, алардын ичинде Садыр Жапаровду да бошотуп чыгышкан.
13-октябрда спикер, 14-октябрда премьер-министр шайланган. Садыр Жапаров шайлангандан кийин журналисттерге интервью берип жатып, президенттин кызматтан кетүү маселеси бүгүн чечилээрин айткан. Ошондой эле, Эски аянтка чогулган премьердин тарапкерлери президент кызматтан кетмейинче тарабай турганын билдиришүүдө…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Президенттин басма сөз катчысы Стамалиева президенттин кызматтан качан кетээрин айтты

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.