Ибраим Нуракун уулу кызматтан өзү кеттиби же кетириштиби?

Ибраим Нуракун уулу кызматтан өзү кеттиби же кетириштиби?

Бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу кызматынан кетти. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына өз каалоосу менен кеткенин жазган.

«Бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси кызматынан кетүүнү чечтим. Сиздер менен 5 жылга жакын ачык-айкын, тыгыз байланышта иштедик. Баарыңыздарга ыраазылык билдирем«, — деген И.Нуракун уулу.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-октябрда 90 депутаттын колдоосу менен Садыр Жапаров мыйзамдуу түрдө премьер-министр болуп дайындалды. Кечээ, 13-октябрда болсо,  Канат Исаев спикер болуп шайланган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.