ЖЭЭНБЕКОВ: «Жапаровду жана башка саясатчыларды тарапташтарын тынч жол менен таратууга чакырам»

ЖЭЭНБЕКОВ: «Жапаровду жана башка саясатчыларды тарапташтарын тынч жол менен таратууга чакырам»

Бүгүн, 15-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Кызматтан кетээрдин алдында өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу жалпы элге кайрылуу жасады. Анда ал эки тарап кагылышып кан төгүлүп кетпеши үчүн кызматтан кеткенин билдирип, Садыр Жапаровдон тарапташтарын тынчтык жолу менен алып кетүүсүн суранган. Кайрылууну толугу менен төмөндөн окуңуз!

«Урматтуу мекендештерим!

Борборубуз Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар. Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш Өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен Жарлык чыгарып, кол коюп бердим. Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда. Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун болуусуна жакындап калды. Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат. Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү. Эки тарапты тең провокацияга барбоого чакырам.

Урматтуу мекендештерим!

Мен бийликке тырмышып калган жокмун. Мен үчүн, өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат. Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан Президент катары калгым келбейт. Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым.

Эми Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырам. Элдин тынчтыгыгына, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирбегиле. Жараткан Кудайым Өзү колдоп, элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын талабы…

Садыр Жапаровдун тарапташтары дале тарабай, «Ысык-Көл» мейманканасынын алдында эми спикер Канат Исаевдин кызматтан кетишин, парламенттин таркап кетишин талап кылып турушат.

Аны төмөндөгү «АКИпресс» тарткан тасмадан көрүңүз!

Мирза МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.