Айыл чарба министри кызматынан кетти. Ордуна Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги каралууда…

Айыл чарба министри кызматынан кетти. Ордуна Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги каралууда…

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев өз арызынын негизинде кызматынан кетти. Анын ордуна «Жашыл чарба» агрохолдингинин негиздөөчүсү, 29 жаштагы жаш ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, бул маселе учурда Жогорку Кеңеш комитетинде каралууда, ал жыйынга талапкер өзү да катышып жатат.

Эске сала кетсек, бул кызматка Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги экинчи ирет көрсөтүлүп жатат. Тагырагы, 2019-жылы майда Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясы көрсөткөн эле.

Белгилей кетсек, Токтогазиев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен катышкан. Шайлоодон кийинки нааразылык акциясына катышып, 9-октябрдагы митингде болсо, башынан жаракат алган.

Айтмакчы, бул кызматка буга чейин да Садыр Жапаров чакырган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.