Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кызматынан кетти. Ордуна Курманкул Зулушев барабы?

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кызматынан кетти. Ордуна Курманкул Зулушев барабы?

Бүгүн, 21-октябрда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кызматынан кетти. Бул маселе бүгүн парламенттин жалпы жыйынында каралып, депутаттар бир добуштан колдоп беришти.

Жамшитовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын алгач Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 21-октябрда карап, жактырып, парламент кароосуна жиберген эле.

Бирок, мыйзам боюнча, башкы прокурорду дайындоо жана иштен алуу тууралуу жарлыкка президент гана кол коет. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Өткүрбек Жамшитов кызматынан кетүү тууралуу президентке арыз бергенин билдирген болчу.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров депутаттар колдоосу менен өкмөт башчы болуп, кийин президенттин милдетин аткарууну да өз мойнуна алып, эки эсе жоопкерчиликте тийиштүү жарлык-буйруктарга кол коюп жатат.

Ал эми депутат Курманкул Зулушевди айтсак, ал Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болуп келген. Ага чейин прокуратура жана сот органдарында иштеп, 2013-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп кармалып, камалган саясатчылар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин карап актаган чечим чыгарган. Бирок көп өтпөй эле кызматтан алынган болчу…

Жогорку Кеңеш депутаттары башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевдин талапкерлигин сунуштай тургандыгын алгач ЖК депутаты  Талант Мамытов, анан Курманкул Зулушев өзү билдирген эле.

Кыскасы, болжолдошубузча, Жамшитовдун ордуна Зулушев барып калышы толук ыктымал…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

One thought on “Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кызматынан кетти. Ордуна Курманкул Зулушев барабы?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.