Курманкул Зулушев 16-башкы прокурор болду. Айтылуу Чолпон Баекова баштаган тизме…

Курманкул Зулушев 16-башкы прокурор болду. Айтылуу Чолпон Баекова баштаган тизме…

Бүгүн, 21-октябрда, президенттин милдетин убактылуу аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Зулушев Курманкул Токторалыевич Башкы прокурор болуп дайындалды.

Ушул эле күнү, түшкө чейинки убакытта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кызматынан кеткен эле. Тагырагы, бүгүнкү парламенттин жалпы жыйынында анын арызы каралып, депутаттар бир добуштан колдоп берип, анын ордуна депутат Курманкул Зулушев бараары маалым болгон. Бул кызматка анын талапкерлиги сунушталаарын алгач ЖК депутаты  Талант Мамытов, анан Зулушев өзү билдирип чыкты эле.

Эмнеге Зулушев бул кызматка барды?

Курманкул Зулушевдин бул кызматка баруу максаты болду беле же жокпу, айтор, ар кыл божомол курсак болот. Кандай болсо да, Башкы прокуратура башына келген Курманкул Зулушев учурунда үч саясатчыны (Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовду) актаган судья катары коомчулукка таанылган. 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болуп келген. Ага чейин прокуратура жана сот органдарында иштеген. Судья болуп турганда, 2013-жылы «бийликти басып алууга аракет кылган» деген айып менен кармалып, камалган саясатчылар: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин карап, актаган чечим чыгарган. Бирок көп өтпөй эле кызматтан алынган болчу…

Бир ай эле иштеп кеткен Мурат Суталинов…

Ошентип 15-башпрокурор кызматтан кетти. Бул таасирдүү кызматта буга чейин кимдер иштеп кеткен, көз чаптырсак, 2005-жылы, Бакиев бийлиги келген учурда бир жылда эле төрт башкы прокурор алмашыптыр. Эң аз, бир ай эле иштеп кеткен Мурат Суталинов  болуптур. Тизмедеги баш прокурорлордун кимиси кандай иштегенин билесиздер. Өзгөчө 14-башкы прокурор Индира Жолдубаева Алмазбек Атамбаевге жакшы кызмат кылып берди. Айтмакчы, эгемендүүлүктүн эң биринчи башкы прокурору Чолпон Баекова Индира Жолдубаеванын бир тууган таежеси…

Анда эмесе, ошол эгемендүүлүк жылдары кызматка келген башкы прокурорлордун тизмесине көз чаптыралы:

  1. Чолпон Баекова (1991-1993)
  2. Асанбек Шаршеналиев (1993-2000)
  3. Чубак Абышкаев (2000-2002)
  4. Мыктыбек Абдылдаев (2002-2005)
  5. Мурат Суталинов (2005-жылдын 23-мартынан апрелге чейин)
  6. Азимбек Бекназаров (2005-жылдын апрелинен сентябрга чейин)
  7. Бусурманкул Табалдиев (2005-жылдын сентябрынан октябрга чейин)
  8. Камбаралы Конгантиев (2005-2007)
  9. Элмурза Сатыбалдиев (2007-2009)
  10. Нурлан Турсункулов (2009-2010)
  11. Байтемир Ибраев (2010-жылдын апрелинен сентябрына чейин)
  12. Кубатбек Байболов (2010-2011)
  13. Аида Салянова (2011-2015)
  14. Индира Жолдубаева (2015-2018)
  15. Өткүрбек Жамшитов (2018-2020)
  16. Курманкул Зулушев (2020-жыл, 21-октябрь)

Айтмакчы, азыркы учурдагы өлкөдөгү өзгөрүүлөргө себепчи окуя — адилетсиз парламенттик шайлоо жыйынтыгынан кийинки нааразылыктар учурунда бийликте олку-солку абал орун алып, бир кыйла маанилүү кызматтарга убактылуу «шайланган» адамдар болгон эле. Башкы прокурор креслосуна аз убакыт Сыймык Жапыкеев да отура калганы эсибизде…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

One thought on “Курманкул Зулушев 16-башкы прокурор болду. Айтылуу Чолпон Баекова баштаган тизме…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.