Садыр Жапаров депутаттарга Шайлдабекованы кызматтан алууну сунуштады. Алар кандай чечээр экен?

Садыр Жапаров депутаттарга Шайлдабекованы кызматтан алууну сунуштады. Алар кандай чечээр экен?

Президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров БШКнын төрт мүчөсүн чакыртып алууну сунуштаганын бүгүн, 21-октябрда, парламенттик жыйында спикер Канат Исаев билдирди.

Анда ал: “БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен кошо БШКнын төрт мүчөсүн бошотуу жөнүндө кат президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон келип түштү. Президенттин БШК мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу боюнча өтүнүчү ЖКга келип түшсө, парламенттин профилдик комитети 10 күн ичинде, бирок 7 күндөн эрте эмес убакытта сунушту карап чыгышы керек!” – деди.

Айтымында, кат тийиштүү комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн.

ШАЙЛДАБЕКОВА: «Шайлоону таза өткөрүү жоопкерчилиги жалаң эле БШКда эмес»

БШКнын 12 мүчөсү 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Аларды Жогорку Кеңеш тандап, бекитет. Тагырагы, талапкерлерди төрт кишилик квота менен парламент, президент жана жарандык коом көрсөтөт.

Белгилей кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоо бийлик алмашууга чейин жеткен чырды жараткан болчу. Ошондон улам БШК баштапкы жыйынтыктарды жокко чыгарган. Нуржан Шайлдабекова: «Шайлоону таза өткөрүү жоопкерчилиги жалаң эле БШКда эмес» деген. Буга чейин БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу арызын жазган.

Шайлдабекова орун басары Атыр Абдрахматованы 2017-жылдын 8-декабрында кызматтан кетирген эле. Себеби, Атыр айым чындыкты чыркырап айтып келген. Маселен, Шайлдабекованын буга чейинки шайлоолордо да одоно мыйзам бузууларды көз жаздымда калтырып, бийликке Форма-2, Форма-3 менен  “мыкты” иштеп бергенин ачык айтканы менен жакпай калган.

Ал эми Шайлдабекова болсо, бир кездеги шайлоодогу «мыкты иши» үчүн андагы ажо Атамбаевдин колунан “Курманжан датка” орденин алган эле. Акыры чындык айтылып, баарынын жүзү ачыларын ошондо айтып чыктык эле. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.