Турсунбай БАКИР уулу: «Кумтөрдү улутташтыруу маселеси — маанисин жоготту» дегениң күйөрмандарыңды ыңгайсыз абалга кептеди»

Турсунбай БАКИР уулу: «Кумтөрдү улутташтыруу маселеси — маанисин жоготту» дегениң күйөрмандарыңды ыңгайсыз абалга кептеди»
Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты, мурдагы Акыйкатчы, «ЭрК» партиясынын төрагасы ажы Турсунбай БАКИР уулу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр ЖАПАРОВго АЧЫК КАТ жолдоду. Автордун жазганы төмөндө эч өзгөртүүсүз толугу менен берилди…

«Ажыдаар» тууралуу…

2011-жылы, 13-ноябрда, президенттик шайлоо бүтөөрү менен «АКИпрессте» пресс-конференция бергем. Анда президентикке талапкер катары Алмаз Атамбаевге, анын инаугурациясына чейин: «Акаевди жана Бакиевди «ажыдаар» деп айтып жүрдүң, бирок, өзүң келе албай туруп ажыдаарга айланууну баштадың. Аларды «үй-бүлөлүк клан» деп күнөөлөп жатып, өзүн партиялык кландарды бийликке алып келип жатасың!» деп кайрылгам. Бул АКИпресс жана «Дело N…» гезитинин архивинде сакталган.

Конституция тууралуу…

— Кымбаттуу Садыр иним!
Эгер саясий системаны өзгөртпөсөң, ал сени да ажыдаарга айлантат. Дайыма сени колдоп келе жаткан «ЭрК» партиясынын төрагасы жана агаң катары эскертип коюуну туура көрдүм. 1994-жылдан бери ар бир президент да, 2010-жылдагы убактылуу өкмөт да Конституцияны өзүнүн кызыкчылыгы үчүн каалагандай бурмалап, өзгөртүп келди. Бир да жолу элдин кызыкчылыгы үчүн Конституция өзгөрүлдүбү?
2020-жылы 5-октябрь күнүнөн баштап, эл үчүн иштебеген Конституцияга жана бийликке эл нааразы болуп көтөрүлдү.

Шайлоо жана Кумтөр тууралуу…

Садыр иним, сен элди ишендирип, калк күткөн убадаларды бердиң. Баарыбыз кубандык. Кимдин сөзүнө киргениңди билбейбиз, бирок, «азыр бир мандаттуу округдар боюнча шайлоо жүргүзүү эрте экен», «Кумтөрдү улутташтыруу маселеси маанисин жоготту» деген сыяктуу сөздөрүң күйөрмандарыңды ыңгайсыз абалга алып келүүдө.
Мейли, «Кумтөр» тура турсун. Бирок, парламенттик шайлоону эскиче өткөрсөң, ошол эле саясий система калып жатпайбы?! Азыркы Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун 3%га, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго түшүрүп декабрь айында Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүп жиберели деген демилгесинде чоң «бомба» жатканын түшүнүп тургандыр? Башкача айтканда, партиялардын лидерлери талапкерлердин тизмесин кайра бизнеске айландырып, кимди алып келээри чоң сыр эмес.
2010-жылдагы Конституция өзүн актабаганы бардык элге маалым болуп калды. Бийликте турбаган партиялардын өкүлдөрү жана партияларда жок мекендештерибиз жөндөмдүүлүгү бар, деңгээли ылайыктуу болсо да мамлекеттик кызматтарга бара албай калышты.
Ыплас шайлоолор аркылуу Жогорку Кеңешке келген партиялардын жетекчилери президент менен сүйлөшө коюп өзүнүн адамдарын Өкмөттүн курамына жана жергиликтүү бийликке киргизишип элдин эмес, өзүнүн жеке маселелерин чечип келишкени да элдин кыжырына тийип, мамлекетке ишенбөөнү туудуруп, мигранттардын санын көбөйттү.
Эл көтөрүлбөгөндө, 2020-жылкы ыплас шайлоонун натыйжасы да өлкөбүздөгү саясий, социалдык жана экономикалык, эң негизи — руханий-моралдык кризисти эбегейсиз күчөтмөк жана мамлекетти талкалоого алып келмек.
Акылдуу адам башкалардын катасынан сабак алат, акылсыз адам өзүнүн катасынан да сабак ала албайт. Кыргыз эли башынан күч менен бийликти алмаштырууну үч жолу кечирди. Эми өзүн актабаган, мамлекетти тунгуюктан чыгара албаган саясий системадан баш тартуу мезгили да келди, Садыр иним. Эл ошону каалап жатат.

«Эрк» партиясы тууралуу…

— «ЭрК» партиясынын демилгесин сага дагы бир жолу эстетейин: сени жана элдин талабын колдогон саясий күчтөрдөн, юристтерден, экономисттерден, жаш лидерлерден, руханий күчтөрдөн конституциялык кеңешме түзүп, Конституцияны негизинен 1993-жылдагы вариантына элдин кызыкчылыгын камтыган анча-мынча өзгөрүүлөр менен референдум аркылуу алып келген!
Бул тарыхый шансты мумкунчулук колдон чыгарып салсак, анда дагы деле чоң өлкөлөрдүн көзүн тиктеген, өзүнүн элин бага албаган, табигый байлыктарын кийинки муундарга калтырбай сатып түгөткөн, жада калса жерлерибизди да коңшу өлкөлөргө берип салган өлкө катары кала беребиз!

Кыргызстан тууралуу…

— Садыр иним, Кыргызстаныбыз дүйнөдө бирөө эле. Баарыбыз киришип, өлкөнүн тагдырын жакшы жакка өзгөртпөсөк, балдарыбыз, неберелерибиз кечирбейт! Эгер катуу айтсам, мени кечирип кой! Бирок, «Сөздү учурунда айтпасаң, сөздүн атасы өлөт» деген макалды даанышман ата-бабаларыбыз бекеринен айтпагандыр.
Садыр иним, сенин мекенчилдигиңе, сенин чечкиндүүлүгүңө, сенин эркиңе эч ким шек санабайт! Болгону элдин талабын тезирээк аткарып коюуга гана сени чакырып кеттим.
Терең урматтоом менен,
«ЭрК» партиясынын лидери,
1-класстагы мамлекеттик кеңешчи,
Малайзиянын Атайын жана Толук ыйгарымдуу мурдагы элчиси,
туңгуч Акыйкатчы
Турсунбай БАКИР уулу

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.