Аба ырайы тууралуу ӨКМ шашылыш билдирүү таратты!

Аба ырайы тууралуу ӨКМ шашылыш билдирүү таратты!

Бүгүн, 23-октябда, ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты!

Алардын маалыматына караганда, 23-24-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланып, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, түндүгүндө 0…-5° суук, күндүз 3…8° жылуу; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 2…7° жылуу; Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу; Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу; Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

ӨКМ тарабынан адам өлүмдөрүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 21-октябрда №02-34/692-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына,  Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилип, ал эми карапайым калкка ӨКМ алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнамалар аркылуу маалыматтар берилди. 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.