БЕКНАЗАРОВ: «Өмүрбек Чиркешович, партиялык тизмени шайлатуу идеясы сиздики эмес, Максимдики!»

БЕКНАЗАРОВ: «Өмүрбек Чиркешович, партиялык тизмени шайлатуу идеясы сиздики эмес, Максимдики!»

Мурдагы депутат, мурдагы прокурор, Убактылуу Өкмөт төрайымынын прокуратура жана күч органдарын тейлеген орун басары, 2017-жылдагы президенттик шайлоого талапкер, Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Азимбек Бекназаров саясатчыларга төмөндөгүдөй кайрылуу жасады:

— Урматтуу кыргыз саясатчылары!

Эгемендиктин отуз жылдык кыска мезгилинде, эгемендиктин ээси, бийликтин бирден-бир булагы болгон эл, 3-жолу «мындай жашоо, мындай бийлик болбойт!»- деди. Таза шайлоо, адилеттүүлүк үчүн көтөрүлгөн элдин басымы, күчү менен болсо да, бийлик тынчтык жолу менен алмашты. Жаңы бийлик куралып жатат. Азыр элибиз, Жапаров-Ташиев тандеми, Кыргызстанды кайсы жолго салат? Эски президенттик-кландык. «чимкирик партиялар» менен иш жүргүзөбү же жаңы, туура жолду табабы? Эл ушуну күтүп жатат! Бүгүн баарыбыз Жапаров-Ташиев тандемин колдоп, аларга эл күткөн туура жолду, багытты тандоого, жаңыланууга жардам берүүгө милдеттүүбүз! Бирок моюнга алалы андай болбой жатат. Компромат согушу башталды, айрым саясаттагы «карт бөрүлөр», адаттарынча ичи тардык, көрөалбастык кылышып, эки достун (Жапаров -Ташиев) ынтымагын бузуу аракетин ачык да, тымызын да жүргүзүүгө өттү. Айрымдары аларга каршы жакында боло турган президенттик жана парламенттик шайлоо аркылуу чоң күчкө биригүү аракетин көрүп жатышса, айрымдарыбыз мурдагы президенттердин курган саясый системасын сактап калуу менен, эки досту да, алардын жолуна түшүргүсү келип жатат.

Ооба, Жапаров менен Ташиев адам катары, саясатчы катары бирибизге жагат, экинчибизге жакпайт, бирок жалпы кызыкчылык үчүн, бүгүнкү реалдуу абалга карап, баарыбыз тарыхый ачуу чындыкты моюнга алалы! Жеке партиялык кызыкчылыктардан арылып, ар кандай арамза жүргүзүлүп жаткан саясый оюндарды, бут тосууларды токтотуп, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө, бүтүндүгүнө шек келтирип жаткан, анын жаңылануусуна каршы турган ички жана тышкы күчтөргө каршы туралы. Өз тагдырыбызды улуттун кызыкчылыгын жана өлкөбүздүн бүтүндүгүн көздөгөн максаттар менен чечели. Өлкөнү үч жолку толкундоого алып келген саясий системабызды түп тамырынан өзгөртүү Жапаров-Ташиев тандемине буйруп турат. Аны алар баштайбыз деп каалап турат, элибиз аны талап кылып жатат!

Ушул мезгилдин талабын уккусу келбеген саясатчыларга, ЖКнын айрым депутаттарынын эсине төмөнкүлөрдү дагы бир жолу салам:

1.Туӊгуч президент Аскар Акаев батыштын саясый шарттар менен берген кредиттерине алданып, батыштан келишкен кеңешчилер менен Кыргызстанды Орто Азиядагы демократиялык аралчага, Щвейцарияга, Малайзияга айлантам деп кыялдуу жеңил ойлуулук кылып, өлкөбүздүн, элибиздин байлыгын, чарбасын эле жок кылбай, 1993- жылкы Конституцияны өзү каалагандай бир нече жолу оңдоп-түздөп, өзүнө ыңгайлуу, президенттик үй-бүлөлүк башкарууну киргизип, өлкөнү аялы башкарып калган. Кесепетинде элдин 70 жылдык байлыгы, завод- фабрика, колхоз-совхоз, кен байлыктар, алтын корубуз, чачылып, кен-байлыктар чет элдиктерге сатылып, Үзөнгү-Кууш үзүлгөн. Аксынын эли атылган.

2. 2005- жылы март элдик революциясы Конституциялык реформаны жаңы бийликтен Бакиев-Кулов тандеминен талап кылган. Бирок, алар аны эл күткөндөй дароо аткаруудан баш тартышып, бирок элдин катуу таламынан кийин, Максим Бакиевдин тар чөйрөсү менен, өздөрү каалагандай реформа жүргүзүшкөн. (2007-жылы күз) Кесепетинде эл депутатын түз, тике шайлоо укугунан ажыратылып, партия ээлери аныктаган адамдардын тизмесине кыйыр добуш берүү киргизилген. Президенттик «Ак-Жол» партиясы бийликке келген. Кесепети: Эл өкүлчүлүктүү эң жогорку бийлик-Жогорку Кеңеш- биринчи жолу үй- бүлөлүк партия аркылуу менчиктештирилген. Каркыра, Маймак, жана башка жерлер, Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттар, Кумтөр чет элдиктерге эң жогорку деңгээлде өткөрүлүп берилип, «Северэлектро» «Востокэлектро» «Кыргызтелеком» Ысык-Көл жээгиндеги бир нече пансионаттар жана башкалар Бакиевдер тарабынан менчиктештирилген.

Өмүрбек Чиркешович, мен калп айтсам, оңдоп коерсуз, партиялык тизмени шайлатуу идеясы сиздики эмес, Максимдики! Эл көтөрүлүп 2010- жылы жүздөгөн эр азаматтардын каны төгүлдү!

  1. Убактылуу Өкмөт жогорудагы системаны оңдой албадык, эмне дегенде парламенттик башкарууну киргизгенибиз менен, үй-бүлөлүк башкарууну менчик партиялар аркылуу жүргүзүү механизмин сактап калдык. Өмүрбек Чиркешовичтин ошондогу тилеги аткарылбай «Ата Мекен» 120 орундан 65 орунду алалбай араң-араң 5 пайыздык тосмодон өткөн. Бирок, Алмазбек Атамбаев экөө жеке кызыкчылык үчүн күрөштү улантып, парламенттик башкарууну реалдуу жүргүзүп жатышкан спикер Акматбек Келдибеков менен премьер-министр Өмүрбек Бабановду кетиришти. Өзү жазган Конституцияга каршы келген бир нече мыйзам жазды, анын бир райондун акимин жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан шайланарын бузуп салганы болду. Укугу жок президентке мыйзамсыз укук берилип, Атамбаев Кыргызстанды Бажы Союзуна кошту, «Кыргызгаз» бир долларга берилди. Кумтөр кайтарылбады, кайтарабыз дегендер камалышты, «Жер-Үй» мыйзамсыз (келишими жок) берилди. Саясый куугунтук күчтөнүп, ондогон адамдар, камалды. Атамбевдик үй-бүлөлүк «чимкирик» бийлик бекем орноду.
  2. «Чимкириктер» да өз бийлигин өз партиялары менен уланткысы келди. Аны элди сатып алуу менен ишке ашырууну көздөдү. Элибиз дагы бир жолу 2020- жылдын 4-6- октябрында аларга каршы «жок» токто деди.

Урматтуу саясатчылар! Сиздер эмес, негизинен жаштар, мекенчилдер, улутчулдар чыгышты. Улутчул, мекенчил болуу сыймык, бул — намыс! Улутчулдук кылуу бул — кылмыш! Улутчул-мекенчилдик менен улутчулдук кылууну аралаштырбагыла!

  1. Урматтуу кыргыз саясатчылары! Үй- бүлөлүк башкаруунун партиялык түрүнүн жогоруда көрсөтүлгөн айрым кесепетин көрүп туруп, түшүнүп туруп, партиялык тизмени алмаштырууну каалабаган азыркы депутаттарга эмне дейбиз!
  2. Урматтуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Нургожоевич!

Сиз элдин үнүн, жаш муундун дүбүртүн угуңуз! Азыркы парламент элдин толкунунан сабак албаптыр! Сиздер Жапаров-Ташиев тандеми асти сынбадыңар, дагы сынбагыла! Акаев, Бакиев, Убактылуу Өкмөттүн каталарын кетирбегиле. Элге чыккыла, элден сурагыла. Эл толкуп турганда БШКнын Текебаевге мыйзамсыз мандат бергени, кайра шайлоо өткөрүүнү каалап жатканын кандай түшүнсө болот?

БШК мүчөлөрүндөгү өз өкүлдөрүңүздү чакырып алыңыз, жоопкерчилигин караңыз, мандат тизмедеги кийинки адамга гана берилет. (КРнын Президентин жана КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзам 65- б.) Бул мандат берүүнүн эрежелери 2020- жылы 1-январынан бери өзгөчө бекемделген. Эл туура түшүнөт эле.

Эгерде Текебаевди сот актап анын мандаты калыбына келтирилсин деген соттун чечими болсо. Эл туура түшүнөт эле, шайлоону БШК таза өткөргөндө?! Ушул Текебаевге байланыштуу көрүнүштөн кийин, партиялык тизме деген эмне экени, ого бетер оркоюп көрүнүп калды. БШК мүчөлөрү ушуга кантип барышты? Эмне үчүн ЖКнын тийиштүү комитети муну көзөмөлдөбөйт? Же акырындап укук жолуна түшүп бараткан аракеттерге, жаңыланууга багыт алган жаңы саясатка бут тосуу башталдыбы?

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы  

P.S. Эсиӊиздерге сала кетсек, 12-октябрда Азимбек Бекназаров андагы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, анда аны кызматты тапшырып кетпеңиз деп чыркырап чакырык таштаган болчу. «Президентти кетирүүнүн автору эл эмес, Атамбаевдин шайкалары жана Бабанов, Момбеков» деген эле. Андан тышкары ал кездеги саясаттагы көпчүлүктү да акыл-эске чакырган мындай сөздөрдү айтты эле: «Эгерде президент, Жогорку Кеңеш, аларга кошулуп ара төрөлүп бутуна турбай жатып Кумтөр боюнча өзүнүн анык жүзүн көрсөткөн «Өкмөт Башчы» — баарыңар бирикпей,  жеке кызыкчылык үчүн бири- бириңер менен мышык-чычкан ойногонду токтотпосоңор, бийликтин, эгемендиктин ээси — Кыргызстандын эли чындап өз укугун пайдаланат. Кеч боло элегинде эсиңерге келгиле! Бириңерге бириңер ишенгиле!» Аны толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.