ВИДЕО — Финпол депутат Кубанычбек Жумалиевдин соода борборлорун тинтти…

ВИДЕО — Финпол депутат Кубанычбек Жумалиевдин соода борборлорун тинтти…

Бүгүн, 4-ноябрда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевге таандык менчик жогорку окуу жайларын жана «Таатан», «Гоин» соода борборлорун тинтти.

Эске сала кетсек, Финпол жетекчиси Сыймык Жапыкеев бул кызматка келгенге чейин эле Кубанычбек Жумалиевге «мыйзамсыз байыган» деп кине коюп, анын мүлкүн текшерүүнү талап кылган. Ыйык Куранды кармап актанган Кубанычбек Жумалиев «ар-намысыма, аброюма шек келтирди» деп Жапыкеевди сотко берип, моралдык чыгым катары андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн. Ал арыз Ленин райондук сотунда 6-августта каралып, депутаттын пайдасына чечилген болчу.

Албетте, Кубанычбек Мырзабековичти билбеген киши жок. Ал саясатта тун президентибиз Аскар Акаевдин учурунан бери келатат. 1998-2004-жылдары транспорт жана байланыш министри, кийин премьер-министр болуп да иштеген. 2015-жылы жогорку маяна, жашоого жетиштүү пенсия, коррупция менен күрөшүү, мыйзамдуулукту, тартипти орнотуу сындуу аты улук саясий платформаны камтыган «Илбирс секириги» программасы менен шайлоого катышкан «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. «Илбирс секириги» партия депутаттарына эле бир нерсе бербесе, «Бир болдун» элге керек ишин деле көргөн жокпуз.

Ал эми Сыймык Жапыкеев болсо, учурдагы бийлик мурункуну алмаштыргандан кийин кызматка келди. Башкы прокурор болуп дайындалды деген сөз кетти. Өзү да аз күн ал креслодо отургандай болду. Анан премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен 17-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) жетекчи болуп дайындалды. Кечээ жакында эле бул кызматка келгениме «15 күн болду» деп, бул убакытта кылган бир топ иши боюнча интернетте отчет берди.  Аны уксаӊ, «Оу!» дегидей эле жыйынтык бар! Маселен, финпол кызматкерлери Кытайга ичтен акча ташып жаткан 3-4 финансылык схеманы талкалашты; ал схемалар ичинде Таласта фасолдун баасын каалагандай калчап, эл эсебинен байып отургандардын демин суутуп, буурчак баасын кымбаттатышты, ар кай жерде оӊбогондой «үлүштө» отургандарды (албетте жөн адамдар эмес) күбүп түшүрө башташты; Кумтөр, тез жардам унааларын алуу сындуу мамлекетке зыян келтирген фактылар боюнча териштирип жатышат; миллиондогон чыгымдар төлөнүп жатат — булардын баарын Сыймык Асылбекович тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн азырынча элге жарыя кылып ачыктай албайт…

Кыскасы, кыска отчету коомчулукту бир кыйла кызыктырып койгон Сыймык Жапыкеев жана анын жетекчилигинде Финпол эмне иш кылып  жатканын жакын арада кенен чагылдырып беребиз. Жана Жапыкеев териштиргенге, текшергенге «кол тийбестик» макамы жолтоо болуп жатат деген көп көпөстүн бири Жумалиевдин байлыгынын эсеби ачылабы-жокпу, ал боюнча да маалыматты жакында угабыз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.