Өмүрбек Бабанов Садыр Жапаровго жолугуп, экөө эмнени талкуулаганын айтты…

Өмүрбек Бабанов Садыр Жапаровго жолугуп, экөө эмнени талкуулаганын айтты…
Бүгүн, 6-ноябрда, «Республика» партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Бабанов Садыр Жапаровго кечээ жолугуп, көп нерсени сүйлөшкөнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, чогуу түшкөн сүрөтүн жайгаштырды. Анын кайрылуусу төмөндө:
Улуу урматтуу Кыргызстандыктарым! 
Өлкөбүздөгү саясий-экономикалык абал курч экендигин бардыгыбыз көрүп турабыз. 5-октябрда элди толкуткан кесепеттерди түп-тамырынан жоюп, тезинен өнүгүү жолуна түшүүгө бизде мүмкүнчүлүктөр бар!
Кечээ Садыр Нургожоевич менен жолуктум. Өлкөбүздү өнүктүрүүгө керек болгон терең маселелерди ачык талкууладык. Өлкөбүз эркиндикти туу тутуп, демократиянын нугунда гана тез өнүгө алаарына окшош пикирде экендигибизди ачык көрдүм. Садыр Нургожоевич мурдагы башкаруучулардын каталарын кайталабастыгын, олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин көрдүм.
Конституциялык реформаны да кеңири сүйлөштүк. Эң негизгиси, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун түзүү керек. Сот системасынын толук кандуу көз карандысыздыгын камсыздап, парламентти күчтөндүрүү керектигине так түшүнүк бар!
Мени колдоп келген бардык адамдарга, тилектештериме ыраазычылык билдирем! Партиялаштарым менен акылдашып, Кыргызстандын Президентинин кызматына ӨЗ ТАЛАПКЕРЛИГИМДИ АЛЫП ЧЫКПООНУ ЧЕЧТИМ!
САДЫР НУРГОЖОЕВИЧТИН ТАЛАПКЕРЛИГИН КОЛДОО ЧЕЧИМИН КАБЫЛ АЛДЫМ.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “Өмүрбек Бабанов Садыр Жапаровго жолугуп, экөө эмнени талкуулаганын айтты…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.