Элнура КУЛУЕВА: «Ак үйдүн тосулуп калышына Гүлмира Үмөталиева «күнөөлүү». Кандайча дебейсиңерби?»

Элнура КУЛУЕВА: «Ак үйдүн тосулуп калышына Гүлмира Үмөталиева «күнөөлүү». Кандайча дебейсиңерби?»
Бүгүн, 6-ноябрда, Ак үйдү тоскон темир тор алынууда… Ал тосмонун бир учурда коюлушуна студенттер «күнөөлүү» болгондугу тууралуу журналист Элнура Кулуева «Каармандарды айта жүрөлү» деген аталышта төмөндөгүдөй кызыктуу баянды «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты:
Тосмо демекчи.. Бул нерсени бүгүн айтпаса болбойт.
Ак үйдүн тосулуп калышына Гүлмира Үмөталиева күнөөлүү. Кандайча дебейсиңерби?..
Студент кезибизде, студенттердин проездной билетин алып салышты. Ага аябай нааразы болуп, жөө жүрүш жасап, Ак үйгө келдик. Ал учурда өкмөт башчы Апас Жумагулов эле. Тосмосу жок Ак үйдүн эшигине жетип, каккылап кирдик. Студенттердин мындай жүрүшүнөн бийлик коркуп кетти окшойт. Гүлмира алдыда турган эле, аны өкмөт башчыга жолукканы алып кирип кетишти. Сырттан студенттердин күүсү укмуш сүрдүү угулса керек. Маселени кабыргасынан коюп, айтор, студенттердин проездной билетин кайра ордуна койдурганбыз. Мына ошол окуядан кийин Ак үйдү курчап тосуп салышты.
Анан Гүлмира Ак үйгө киргени үчүн окуу жайды бүткүчө куугунтукта болду…
Эмне дейм, кеп тосмодо эмес, кеп тосмосу жок дилде. Ак дилиң менен элге жакын болсо болот. Гүлмира, 7-ноябрь басма сөз күнү менен куттуктайм! Студент кезден бери акыйкат үчүн күрөшүп келгенбиз, күрөшө беребиз! Анткени сендей мыкты кесиптешим, курсташым бар.
Кызыктуу баян бекен?.. Ак үйдүн тосмосунун таржымалы ошентип, азыр да бардык көйгөйлүү маселелерде чырылдап чыга калган Элнура, Гүлмира деген журналист кыздарыбыз катышкан жаштар жүрүшүнөн башталса, имараттын тосмолуу болгондон кийинки тагдыры деле жаштардын деми, күүсү, сүрү, урунду-бериндисине канча ирет кептелгенин деле билебиз. Анын баары, албетте, имараттын тосмолуу болгонунан эмес, кайталанма акыйкатсыз саясаттын айынан болгонун билебиз…
Ал эми тосмолуу болгонго чейинки саясий турмушту эске салсак, Апас Жумагулов Аскар Акаевдин бийлигинде 5 жыл (1993 –1998-ж.ж.) премьер-министр болгон. Эгемендик замандын биринчи Өкмөт башчысы койдурган тосмо бүгүн президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан 34-премьер-министр Садыр Жапаровдун бийлиги тушунда алынып жатат. (Премьер-министрлердин тизмесин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот!)
Эми саясий да, маданий да, социалдык да, экономикалык турмушубуз да оӊолуу жолуна түшөр деген үмүттөбүз…
Болбосо, Ак үй алдына нааразылык билдирип 5 адам чыгабы, онбу же андан ашыкпы, жоопкерчиликтүү эркиндик ченемин билбеген жаныбыз, каккылап, тепкилеп Ак үйдүн калың эшигине чейин барарыбыз турган иш да…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.