ВИДЕО — «Баш мыйзам үчүн!» акциясына катышкан Кубат Оторбаев да жаңы долбоорго каршылыгын билдирди

ВИДЕО —  «Баш мыйзам үчүн!» акциясына катышкан Кубат Оторбаев да жаңы долбоорго каршылыгын билдирди

Бүгүн, 22-ноябрда, Бишкекте жарандык активисттер «Баш мыйзам үчүн!» деген акциясын өткөрүшкөнүн «Азаттык» жазып чыкты. Маалымат боюнча, аталган акцияга Жогорку Кеңеш депутаты, президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев, Акыйкатчы институтунун мурдагы жетекчиси Кубат Оторбаев да катышып, пикирин билдирген. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз:

Кубат ОТОРБАЕВ: «»Чимкириктер” деп аталган парламент жаңы Конституциянын долбоорун чакыртып алышы керек!»

Чуу чыгарган жаңы долбоор тууралуу Акыйкатчы институтунун 4-жетекчиси болгон Кубат Оторбаев буга чейин да пикирин билдирген. Тагырагы, ал 20-ноябрда “Биринчи радионун” эфирине чакырылып маек курганда, жаңы Конституциянын долбоору аны таң калтырганын айткан. «Бүгүн гана Конституциялык кеңешме түзүлдү. Жыйын бүгүн гана өттү. Бардык процедуралар бузулуп жатат. Андыктан “чимкириктер” деп аталган парламент жаңы Конституциянын долбоорун чакыртып алышы керек!», – деген.

Эске сала кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга алып чыккан. Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Айрым саясатчы жана укук коргоочулардын айтымында, бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт.

Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Бул долбоорду толуктап иштеп чыгуу максатта 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, алар ушул эле күнү ишин башташкан.

Жаңы долбоордо эмнелер жазылган?

Катуу сынга алынып, чуу чыгарган жаңы долбоор боюнча учкай айта кетсек, анда президенттин укуктары кеңейтилген. Тагырагы, президент аткаруу бийлигин жетектеп, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын, өкмөттүн курамын, түзүмүн өзү аныктайт; бир канча мамкомитеттердин жетекчилерин дайындайт; өлкөнү эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот; мыйзам долбоорлорун демилгелей алат… Ошондой эле долбоордо мамлекеттик башкарууга «Элдик курултай» деген жаңы институт киргизилген; парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылган; жалпыга маалымдоо каражаттарынин ишмердиги боюнча бир кыйла чектөөлөр да каралган…

Не болсо да, аталган демилге кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн, чиркин…

Жаңы долбоордун автору ким?

«Жүзүӊдү аччы, Гүлчөтай!» болуп ызы-чууну жараткан жаңы долбоордун автору жок болуп жаткан. Бирок, кечээ ал «жүзүн ачып», ачыкталгандай болду…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.