Кундуз Исмаилованын «Алтын калемин» алыӊыз! Укпадым, көрбөдүм дебеӊиз…

Кундуз Исмаилованын «Алтын калемин» алыӊыз! Укпадым, көрбөдүм дебеӊиз…

12-декабрь — Улуттук адабият күнүн утурлай, “Данакер лингво” маданий-илимий коомдук бирикмеси “Залкарлар биздин туубуз” аттуу сынак жарыялады. Аталган бирикменин жетекчиси бир кезде чогуу иштешкен кесиптешибиз — Кундуз Исмаилова менен азыноолак  маек курдук.

— Кундуз, алгач коомдук бирикмеӊердин багыты, максатын айтып берсеӊ?

— «Данакер лингво» маданий-илимий коомдук бирикмесинин максаты  — мамлекеттик тилди, улуттук маданиятты даңазалоо. Биз качан гана улут катары тилибизди, өз маданиятыбызды аздектеп баалаганда гана эгемендигибизди сактап кала алабыз деп ойлойм. Кудайдан белек катары берилген мамлекеттик тилибиз, эгемендигибиз — биздин баа жеткис байлыгыбыз. Мамлекеттин түптөлүшүнө, маданияттын өнүгүшүнө өз салымын кошуу ар бир атуулдун милдети деп эсептейм.

— Туура, эми сынактын жол-жобосуна, максатына токтолсоӊ…

—  Сынактын жүгү абдан бийик, жоопкерчиликтүү, аны жалгыз уюштура албайсыӊ.. Чакан жамаатыбыз бар, көптөгөн ийгиликтерди чогуу-чаран жаратып келатабыз. Учурдан пайдаланып бардык мүчөлөргө, оорду колдон, жеңилди жерден алган жамаатка ыраазычылык билдирем. Биздин лозунг — «Данакер — жакшылык жарчысы». Анан өтөлгөлүү иш кылалы деп, залкарларды даӊазалоо, эмгегин кийинки муунга жеткирүү максатта сынакты уюштуруп жатабыз. Коомубузда болуп жаткан көйгөйлөрдөн арылып, залкарларды даӊазалайлы деп чечтик. Албетте, бул жашоодо ар бирибиздин өз ордубуз бар. Бирок, биз качан гана адабият, маданият, билим берүү тармагында өз орду бар инсандардын опол тоодой ишин улап, аларга таазим кылдык эле?! Биз ушул үч тармакты өнүктүргөндө гана өнүгө алабыз деп ойлойм. Акыркы учурда «кокту-колоттун баатырлары» көбөйдү. Кийинки муундар үчүн мындай көрүнүш көйгөйлүү маселе. Тарыхты барактасак, канчалаган залкарлар менменсинбей, опол тоодой эмгегин элге арнап, аны эч кимге доомат кылган эмес. Тилекке каршы, ушундай залкарларды кийинки муун билбей баратканы абдан өкүнүчтүү. Жыл сайын 12- декабрь десек эле, «Чыӊгыз Айтматов дүйнөнү дүңгүрөткөн жазуучу же Алыкул Осмонов өтө жаш каза болгон» деген кыска ой жүгүртүүгө токтолуп калуудабыз. Албетте, бул эки инсан адабият айдыңында орду толгус, баа жеткис баалуулугу менен элдин эсинде. Бирок, бизде андан башка канчалаган мыктылар бар. Ошолорду кийинки муунга жеткирсек деген изги тилек менен ушундай чечимге бардык. Себеби, залкарларды көк асаба, кызыл туудай аздектесек, алардын кылган ишин өрнөк тутсак гана алга жылып өнүгөбүз деп ойлойм.

Эми сынактын жол-жобосуна учкай токтолсом, сынакка катышуучулардын жашына, улутуна карабайбыз, бардык жазмакерлер катыша алат. Жазгандарынын көлөмү чектелбейт. Учурдагы кооптуу абалды эске алып, коронавируска байланыштуу ырларды социалдык тармак аркылуу кабыл алууну туура көрдүк.

— Бул сынак биринчи жолубу же буга чейин да иш-чара уюштурдуӊар беле?

— Биз жакында эле онлайн негизде тарыхый инсан Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын Базар-Коргон районундагы мектептер арасында сынак өткөрдүк. И. Раззаковдун өмүр жолун мектеп окуучулары жана мугалимдери сценка коюшту. Абдан жакшы өттү. Буйруса, мындан ары улантабыз деп ойлойм. «Мамлекет эмне кылат же мага кандай жардам берет?» деп кол куушуруп отуруп албай, ар бир адам дараметинин жетишинче, өлкөгө өз салымын кошууга чакырык таштайт элем. Келгиле, саясаттан алыс, адибият, маданият, билим берүү тармагына жакын болуп, анын өсүп-өнүгүшүнө ар бирибиз салым кошолу!

— «Аты аталса, куту сүйүнөт» дегендей, демөөрчүнүн атын атай кетпейсиӊби?

— Демөөрчү — үй-бүлөм. Алгач бутубуздан туруп алсак, дем берчүлөр өзү издеп келээр. Азырынча жолдошум демөөрчү болууда.

Укпадым дебеӊиз, чамдаӊыз!

Сынактын жол-жобосу:

«Данакер лингво» маданий-илимий коомдук бирикмеси 12-декабрь —  Улуттук адабият күнүнө карата «Залкарлар биздин туубуз» аталыштагы сынак жарыялайт.

Сынакка улутуна карабай бардык жаштагы калемгерлер мурда эч жерге жарыяланбаган ырлары менен катыша алышат.

Байгелер:

Баш байге — «Алтын калем» төш белгиси;

1-орун — 1-даражадагы Диплом;

2- орун — Диплом;

3-орун — Ардак Грамота.

Андан сырткары, мыкты жазган 5 жазмакерге кызыктыруучу белек бар.

Сынакка чыгармалар 25-ноябрдан баштап кабыл алынып, 20-декабрда токтойт. Сыйлыктар комиссия мүчөлөрүнүн чечими менен салтанаттуу тапшырылат.

Эскертүү: Сынакка катышчу чыгармаларды «СЫНАККА» деп баш жагына жазып, «Фейсбукта» Кундуз Исмаилова, Нуржамал Султанбекова менен бөлүшүү зарыл.

Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы — Нуржамал Султанбекова, тел.: 0709 85 17 71

Сурап-билүү телефону: 0509240419

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.