Маек — Айгүл ЖАПАРОВА: «Жолдошум абактан чыгаарын, эл аны колдоп алаарын айтып эле жүрчү»

Маек — Айгүл ЖАПАРОВА: «Жолдошум абактан чыгаарын, эл аны колдоп алаарын айтып эле жүрчү»

«Особое пространство» («Около политики» журналынын электрондук версиясы) сайты президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапаровадан интервью алышыптыр. Аны менен журналист Екатерина Горлова маек куруптур.

Бул маекте Айгүл айым жолдошу менен таанышкан күндөн үй-бүлө курганга чейин, учурда эмне менен алектенип жатканын айтып бериптир. «Маанилүү чечим кабыл алаарда жолдошуӊуз сиз менен кеӊешеби, мисалы премьер-министр болгондо сиз менен кеӊешти беле?» деген журналисттин суроосуна:  «Билесизби, биз премьер-министр кызмат орду боюнча кеңешүүгө үлгүрбөй калдык. Бардыгы ушунчалык тездик менен өзүнөн өзү эле болуп кетти. Бирок, жолдошум ар дайым абактан сөзсүз чыгаарын, эл аны колдоп алаарын айтып жүрдү. Элге толугу менен ишенген» деп жооп берген.

Маекти толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Айгүл ЖАПАРОВА: “Жогорку Сотто адамгерчилик жок экен”

Мындай сөздү Айгүл айым мындан 3 жыл мурун (2017-жылы) кабыргасы кайышып турганда биздин сайтка (alakan.biz) билдирген эле. Андагы бийлик Садыр Жапаровду атасын акыркы сапарга узатып, топурак салып келүүгө уруксат бербей койгон. Акыры Жогорку Соттон үмүт кылып арыз менен кайрылышкан. Алардан кандай жооп болгонун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаровго 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып тагылып, анын негизинде 2017-жылдын март айында, Атамбаев бийлигинин тушунда, Кыргызстанга кайтып келатканда чек арадан кармалып, УКМКга күч менен алынып кеткен. 2018-жылы соту болуп, 11 жыл алты айга кесилген. 2019-жылы жазында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөөрүн, эгер ага мунапыс берилсе, анда абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Багы бар экен…

Садыр Жапаровдун багы бар экен, ал мөөнөткө жетпей эле абактан эрте бошотулду. Тагырагы, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтуп, анын жыйынтыгына, добуштарды бурмалоого 12 партия лидерлери, шайлоочулары нааразы болуп 5-октябрда Ала Тоо аянтына митинг уюштурушкан. Анын аягы башаламандыкка айланып, митингчилер менен милициялар кагышып, абактагы бир топ саясатчылар (алардын арасында Садыр Жапаров да болгон) бошотулуп, бийлик алмашкансыган…

Садыр Жапаров 3 жолку шайлоо менен (акырында 90 депутаттын колдоосу менен) премьер-министр болуп шайланган. Кийин-кийин,15-октябрда ал тарапташтарынын алдына чыгып, андагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенин, президенттин милдетин да аткарып калганын жарыялаган. Ал алдыдагы мөөнөтсүз президенттик шайлоого катышуу максатта кызматтарын 14-ноябрда өткөрүп берген. Азыр президенттин милдетин убактылуу спикер Талант Мамытов, премьер-министр милдетин убактылуу биринчи вице-премьер Артем Новиков аткарып жатат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.