Ветеринар эмес, милиция болуп калган Нурисбек Бекбердиев спорт менен дүйнөгө дүң болду…

Ветеринар эмес, милиция болуп калган Нурисбек Бекбердиев спорт менен дүйнөгө дүң болду…

«Милиция менен спортто өз ордун таап, дүйнөгө кыргыздын туусун желбиреткен Нурисбек Бекбердиев» деген аталышта ИИМдин Басма сөз кызматынан почтабызга кат келди. Анда Адиля Тыналиева аттуу айым кесиптеши Нурисбек Бекбердиевдин ийгилигин жазыптыр. Автордун жазганы эч оңдоосуз, толугу менен берилди. Аны төмөндөн окуй аласыздар. 

— Илгертеден элибиз эркек балага жети ата санжырасынан кабар берип, улуу муундун басып өткөн жолун таанытып келген. Элдин ар-намысын коргоо — ар бир уландын, эр-азаматтын парзы. Бүгүнкү улан болочоктогу ата, үй-бүлө ээси, балдардын өрнөгү, ата-бабанын салтын улантуучу. «Бөрү ата уулду бөркүнөн тааны» деп сынчыларга сынаткан. Эркек баланын жүгү оор болоору айтылып, эркекке тиешелүү сапаттар далилденген.
Кыргыз элинде “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунда чыныгы “Кыргызымдын жигиттери” деген атка татыктуу эр жигиттер кызмат өтөп келишет. Биздин эр-азаматтарыбыз бир гана эл-журтунун бейпил жашоосун камсыз кылууда өздөрүнүн
тайманбастыгын көрсөтпөстөн, полктун спорттук жашоосунда да активдүүлүгүн көргөзүшүп, спорттун бир нече түрлөрү боюнча эл аралык жана өлкө ичиндеги мелдештерде катышып байгелүү орундарды камсыз кылып келишет.
Жүрөгүндө жалыны бар эр жүрөк жигиттерибиздин бири, полктун Жалал-Абад облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын милиционери, милициянын старшинасы Бекбердиев Нурисбек Маданбекович. Нурисбек 2011-жылы орто мектепти аяктап, чон окууга тапшырып өтпөй калат. Ошол эле жылы күз айында атуулдук милдетин аткаруу үчүн аскердик кызматка чакырылып, өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад шаарында жайгашкан Улуттук гвардиянын 704 аскер бөлүгүндө кызматын өтөйт. Кызмат өтөп жүргөн мезгилде спорттун самбо
түрүнө кызыгып, машыга баштайт. Андан кийинки жылдары Азия жана эл аралык чемпионаттарга катышып, байгелүү орундарды багындырат. Спортко баш-оту менен кирип, машыга баштаган күндөрдүн биринде, бирге машыгып жүргөн досунан “Шумкар” Атайын багыттагы полкуна аскердик кызмат өтөгөн
жаш кызматкерлерди кабыл алуу жүрүп жатканын угуп калат. Көп ойлонбостон полктун Жалал-Абад облусунда жайгашкан өзүнчө ротасына барып, арызын жазып, татаал атайын даярдыктан өтүп милицияга кабыл алынат.
Ошентип Нурисбек форма кийип, милиция кызматкери болуп жан дили менен кызмат өтөөгө киришет. Кечкисин кызматтан кийин машыгып, дүйнөлүк аренага чыгып кыргыз желегин бийик көтөрүүнү самайт. Тыным албаган машыгуунун артынан Нурисбек Бекбердиев ойлогон максатына жетип, үстүбүздөгү жылдын 5-8-ноябрь күндөрү Сербия мамлекетинин Нови-Сад шаарында өткөрүлгөн 30 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан дүйнө чемпиондугунда 82 кг салмакта ат салышып, 3-орунга ээ болду. Нурисбек алдыга коюлган кызматтык милдеттерин ар-намыс жана жоопкерчиликтүү аткарып, бир нече жетишкендиктерге жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Ар бир адам кичине кезинде келечекте бир кесиптин ээси болууну самайт эмеспи, биздин каарманыбыз бала кезинде чоңойгондо ким болосуң деген суроого, ветеринардык врач болуп айылдагы мал-жандыктарды дарылаймын деп кыялданчу экен. Ветеринар болом деген кыялы орундалбай калган Нурисбек, ички иштер органдарында кызмат өтөп жаткандыгына эч качан өкүнбөй турганын айтып, тескерисинче, милиция кызматкери болуп Ата Журтубуздун тынчтыгын коргоого өз салымын кошуп, алдыга коюлган милдеттерди так аткарып жатканын сыймыктануу менен айтып берди. Кылмыштуулук менен күрөшүүдө, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартиптин темирдей бекем орношуна өз салымын кошуп келе жаткан кесиптешим Нурисбектин кызматында ийгиликтерди каалап, спорт жаатында дагы чоң жетишкендиктерди багындыра берсин демекчибиз.

Адила ТЫНАЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.