Нарын ОИИБ: “Кыргыз көмүр” тууралуу кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр такталды…»

Нарын ОИИБ: “Кыргыз көмүр” тууралуу кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр такталды…»

“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы боюнча КЖБРге жалпысынан 25 арыз катталып, 19 арыз боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы бүгүн, 8-декабрда билдирди.

Алардын айтымында, 6-октябрда, саат 21:00 чамасында “Вотсап”, «Мессенджерден» Бишкек шаарында жайгашкан «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директорунун атынан өлкөдөгү абалдын курчушунан пайдаланып, болжол менен 100го жакын белгисиз адамдар автоунаалар менен келип, Кара-Кече филиалынын директору Т.С жана башкы инженери Т.А ээлеген кызматынан кетүүлөрүн талап кылышкан маалымат тараган.

Ошондой эле, көмүр кесиминин видео камераларын карап чыкканда белгисиз адамдар тарабынан автоунаага жүктөлгөн мыйзамсыз көмүрлөр чыгып кеткендиги аныкталган. Бул факты боюнча Нарын ОИИБнын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан тез арада иш сапарлары уюштурулуп, топтолгон материалдар жана арыздар боюнча көрсөтүлгөн автоунааларга тактоо иштери жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы автоунаалар менен уурдап алып чыгып кеткен көмүрдөн «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына болжол менен 1 000 000 сом зыян келип, бүгүнкү күндө 700 000 сом өндүрүлгөн.
Жалпы «Кыргыз көмүр» боюнча Нарын ОИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 25 арыз катталып, 19 арыз боюнча кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр такталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.