Бажыдагы коррупциянын башында Илмиянов турганын Сегизбаев айтса, Матраимов ал досу экенин айткан…

Бажыдагы коррупциянын башында Илмиянов турганын Сегизбаев айтса, Матраимов ал досу экенин айткан…

УКМКнын мурдагы төрагасы, президентикке талапкер Абдил Сегизбаев «Азаттыкка» маек куруп берип, анда ал коррупциянын ана башы Икрамжан Илмиянов болгонун айтыптыр.

Анын айтымында, 2016-2017-жылдары Салык жана Бажы кызматындагы коррупциянын башында, ошол кездеги президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов турган, ал саясий фигура катары ана башы болгон.

Эми суроо: Абдил Сегизбаев мындай маалыматты эмнеге ошол учурда айтпай келген?..

Илмиянов азыр кайда?

Эске сала кетсек, Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири, “Шоопур” лакап аты менен белгилүү  Илмиянов Атамбаевдин бийлигинде кызматтан кызматка (2011-жылдан 2017-жылга чейин президенттин аппарат башчысынын орун басары, анан кеңешчиси) көтөрүлгөн, атүгүл «Манас» ордени менен сыйланган. Кызматынан кол жууган соң Кыргызстандан качып кеткен. 2018-жылдын 19-октябрында эл аралык издөө жарыяланып, сот чечими менен 48 саат ичинде Москвадан табылып, тергөө абагына алынып келинген. Анын иши Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда каралып, «2017-жылдагы президенттик шайлоодо “Дизель коплект” ЖЧКсынан сыйлык жана демөөрчүлүк үчүн 150 миң доллар алган» деген айып тагылып, 7 жылга кесилген.

Быйыл, 19-июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, анын жаза мөөнөтүн бир жыл алты айга кыскартып, беш жыл алты ай деп чегерген. Жогорку сот ошол өкүмдү күчүндө калтырды. Күнөөсү жок экенин айтып келаткан Илмиянов Молдовановка айылындагы №26 жатак абакка чыгарылган.

Матраимов Икрам досу экенин айткан…

Мындан эки жыл мурун (2018-жылы) “Райым миллион” аттуу каймана ат менен таанымал болгон Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов Алмазбек Атамбаевдин сындаганына жергиликтүү гезит аркылуу жооп кайтарган. Ал: «Мен КСДПга жакшы эле эмгек кылып келдим. 2015-жылы Икрам (Илмиянов) досум жана Алмазбек Атамбаевдин жардамы менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалдым. Бажы кызматында планды мен ашыгы менен аткарып, бюджетке киреше алып келгем. 2017-жылдын мен иштеген он айында бажы төлөмдөрүнөн 27 миллиард 700 миллион сом түштү. Бул пландан 295 миллион сомго ашыкча болду»,-деген.

«7 тыйынга тиешем жок» деген Матраимов мамлекетке акча төгүүдө…

Былтыр, 6-декабрда Райым Матраимов УКМКга экинчи жолу суракка келгенде, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, «700 миллион эмес, 7 тыйынга тиешем жок» деген эле.

Эми болсо, мамлекеттин казынасына акча төгүүдө. Райымбек Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион 412 миң сом төккөнү тууралуу бүгүн, 8-декабрда Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду Матраимов ноябрдын аягына чейин төгүп бере турганын Садыр Жапаров 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде билдирген.

Ага чейин, ал 21-октябрда экономикалык мунапыс жарыялап, өөнөлгөн акчаны кайтарууга бир ай убакыт берген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.