ВОЛОДИН: «Кыргызстанда орус тили макамга ээ болгондуктан гана кыргыз мигранттарына жумуш табуу жеңил болууда»

ВОЛОДИН: «Кыргызстанда орус тили макамга ээ болгондуктан гана кыргыз мигранттарына жумуш табуу жеңил болууда»

Кечээ, 7-декабрда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен Москвада жолугушту. Анда ал эки өлкө ортосундагы аба жана темир жол каттамдарынын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Талант Мамытов Орусиядан аба жана темир жол каттамдарын көбөйтүүнү суранды

Алардын айтымында, жолугушууда парламенттер аралык кызматташтык жана эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларга байланышкан маселелер көтөрүлгөн. Мамытов парламенттер ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, кыргыз тарап байланышты мындан ары да арттырууга кызыкдар экендигин билдирген. Ошондой эле ал учурда аткарылып жаткан үзгүлтүксүз жана чартердик аба каттамдары жарандардын муктаждыгын толук канааттандырбай жатканын белгилеген.

«Эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарынын санын көбөйтүү же чартердик каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн санына киргизилген чектөөнү алып салуу зарылчылыгы чыгууда. Кыргызстандын авиакомпаниялары эки өлкө ортосунда коммерциялык эмес багытта учууларды жүргүзүүгө мажбур болгондуктан, авиабилеттердин баасына терс таасир жаралып жатат«, — деп билдирген Т. Мамытов.

Орусия эмнеге басым жасады?

Мамдуманын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Вячеслав Володин бул жолугушууда миграция жана чек арага байланыштуу маселелерди КМШ мамлекеттеринин ишин караган комитетке тапшырган. Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ болгондуктан гана кыргыз мигранттарына Орусияда жумуш табуу жеңил болуп жатканын баса белгилеп, интеграцияда да туура багыт алуу зарылдыгы боюнча кеп козгогон.

Жолугушуу учурундагы митинг…

Талант Мамытовдун иш сапары учурунда Москвада кыргызстандыктар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы акция өткөрүштү.

Эске сала кетсек, Талант Мамытов баштаган кыргыз парламентинин өкүлдөрү: Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров Москвага 6-декабрда үч күндүк сапар менен барышкан. Бул сапар Кыргызстандын жетекчилигинин октябрда бийлик алмашкандан берки эң жогорку деңгээлдеги биринчи чет элдик расмий сапары.

Макам тууралуу маселе…

26-ноябрда, Конституциялык кеңешменин мүчөсү, коомдук ишмер Садирдин Төралиев кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керектиги тууралуу сунуштаган. Бул маселе боюнча президенттин басма сөз кызматы «ал бир гана кишинин пикири» деп билдирген. Толук маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.