Кеминде өзүн-өзү атып алган өспүрүм бүгүн каза болду. Маркумдун атасы эмне деди?..

Кеминде өзүн-өзү атып алган өспүрүм бүгүн каза болду. Маркумдун атасы эмне деди?..
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Кемин районунда 2005-жылы төрөлгөн өспүрүм бүгүн, 15-декабрда, каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы «Азаттыкка» билдирди.

Чүй ОИИБнин басма сөз катчысы Назира Имангазиеванын маалыматына караганда, окуя Кемин районунун Кызыл Октябрь айылында болгон. Өзүн-өзү атып алып жарадар болгон өспүрүм тууралуу маалымат милицияга 13-декабрда келип түшкөн. Тилекке каршы, бүгүн, 15-декабрда, каза болуп калган. Учурда себеби такталууда, сотко чейинки териштирүү иши башталып, күбөлөр суралууда.

Маркумдун атасы тергөө маалында эки күн мурда баласы айылдан анча алыс эмес жайыттан курал таап алганын, ал куралды ичиндеги огун чыгарып, гаражга катып койгонун айтып берген…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.