ИИМ: «Баңгизат жана ок атуучу куралды үйүндө сактап жүргөн адам кармалды»

ИИМ: «Баңгизат жана ок атуучу куралды үйүндө сактап жүргөн адам кармалды»

Ысык-Көл облусунда баңгизат жана ок атуучу куралды үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы бүгүн, 21-декабрда, билдирди.

Алардын айтымында, милицияга 40-45 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү жаран баңгизаттарды сактоо, жасоо менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат декабрдын башында  келип түшкөн. Алар бул фактыны аныктоо үчүн Ысык-Көл районунун Семеновка айылында жашаган, 1971-жылы туулган А.Ж. аттуу атуулдун үйүнө тинтүү жүргүзүшкөн. Натыйжада, шектүүнүн үйүнөн кара-жашыл түстөгү кендир жыттанган, капка салынган зат (салмагы 4 кг 300 граммды түзгөн «марихуана») табылган. Андан тышкары, мыйзамсыз курал-жарак сактоо фактысы да аныкталып, уруксат берүүчү документтери жок 16-калибрдеги эки курал табылган.

Жогорудагыдай далилдүү фактылар боюнча кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.