ВИДЕО — Камчыбек Ташиевге «Ата» деп кайрылып, ыйламсыраган 9 жаштагы Асемага УКМКдан кандай жооп болду?

ВИДЕО — Камчыбек Ташиевге «Ата» деп кайрылып, ыйламсыраган 9 жаштагы Асемага УКМКдан кандай жооп болду?

УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге «АТА» деп кайрылган 9 жаштагы Асема Шакированын тасмасы интернетке тарады. Анда көзүнө жаш алган Асема пандемия учурунда үй-бүлөсү кыйналганын жана Жалил Садыков атындагы мектепте апасына кысым көрсөтүп, кордоп жатышканын айтыптыр. «Камчыбек ата, мен ушул кайрылуум жаңы жылдык белек болсун, Кемин шаарына келип мектепти текшерип, апама көңүл буруп коюңузду өтүнөм» деп Асема жүрөктөрдү оорутту…

Камчыбек Ташиев эмне деди?

9 жаштагы кыздын кайрылуусунан кийин УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Кемин районундагы мектепти текшерүүгө тапшырма бергенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, кайрылууда айтылган бардык жагдайлар боюнча текшерүү жүргүзүлөт жана Асеманын үй-бүлөсүнүн материалдык абалы да каралат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.