Ташиев шайлоодон кийин башаламандык уюштургандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти

Ташиев шайлоодон кийин башаламандык уюштургандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти

Президенттик шайлоодон кийин кайсы бир талапкер мамлекетти туруксуздаштырууга даярданып жаткандыгы тууралуу так маалымат бар экендигин УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев бүгүнкү (24-декабрдагы) маалымат жыйынында билдирди.

Ал: “Кайсы бир талапкер мамлекеттеги кырдаалды туруксуздаштырууга даярданып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Биз муну документтештирип жатабыз. Шайлоодон кийин бул талапкерлерге чара көрөбүз. «Айрым талапкерлер үгүт иштерин жүргүзбөй эле, шайлоодон кийин кырдаалды дестабилдештирүүгө даярданып жатышат» деген так маалымат бар. Буга биздин эл жол бербейт деп ишенем. Эгер бул күчтөр миңдеген адамдарды көчөгө алып чыкса, анда аларды миллиондогон эл басып коёт. Шайлоодон кийин утулуп калган талапкерлер бийликти басып алабыз деген ою да болбошу керек!”, – деп билдирди.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. 18 талапкер ат салышууда. Ушул эле күнү өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча референдум да болот. Тиешелүү мыйзам долбооруна 12-декабрга караган түнү президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан спикер Талант Мамытов кол койгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.