Багы ачылбай келаткан «Жерүй» алтын кенине таластыктар бүгүн чекит коебу?..

Багы ачылбай келаткан «Жерүй» алтын кенине таластыктар бүгүн чекит коебу?..
Бүгүн, 29-декабрда, Таластагы «Жерүй» алтын кени боюнча түзүлгөн Элдик комиссиянын жыйыны болот. Бул тууралуу журналист Күнболот Момоконов билдирди.
Анын айтымында, жыйын саат 11:00до, Бекмолдо айыл аймагынын «Жерүй» алтын кенине кеткен жолдогу кайрылышта өтөт. Анда эч кандай саясий, шайлоого тиешелүү сөздөр болбойт.
Күнболот МОМОКОНОВ: «Кен боюнча жыргаганы чоңдор, куураганы эл болду»
«Жерүй» кени боюнча какшап айтып да, жазып да келаткан Момоконов кен тагдырын, кийинкисин эл чечиши керек деген пикирде. Позициясынан танбай, сунушталган кызматка да барбай, акчага азгырылбай эл тарапта келаткан кесиптешибиз ачууланып мындай деди:
Дооронбек Садырбаев агабыз айтмакчы, «мурдуна пок сүйкөлгөн өз уулдарынын», эрке талтаңдарынын кесепетине эл чыдап келди. Түшүнүп турабыз, жардыбыз, казынабыз какшып калды, тешик бюджетти уксаң уктай албайсың. Бул абалга ким алып келди? Кимдин күнөөсү? Элдинби? Жок. Баарына буга чейинки чечүүчү өкмөт, Президент, Жогорку Кеңеш жана башка жетекчилердин күнөөсү опол тоодой. «Кумтөр» эмне болду? Жоопкерчилик тарткан бир киши жок. Жыргаганы чоңдор, а куураганы эл болду. «Жерүй» кенинде да так ушундай абал болгону турат. Саясатчылар ыплас иштерди жасап, Таласты талкалоо абалына алып келип, болбогон акчаларды элге иштетип туруп, бирок, бүгүн элди күнөөлөгүлөрү келип турат. Минтип жалтак болсок, акча үчүн ар кимдин алдына жата берсек, биз келечекте турбай калабыз. Уулдарыбызда намыс болбойт, кыздарыбыз бактылуулук күн көрбөйт. Күнкарама, кул мүнөз элге айланабыз. Ошондуктан, «Жерүй» кениндеги болгон кемчиликтер үчүн баардык тиешелүү жетекчилерди мыйзам алдында жоопко тартуу зарыл. Мына ошондо тынчтык болот. (Биз аларды аз күндө майда чиновник экенине карабай аттарын атайбыз) «Шайлоо өтсүн, шайласак шартыбызды уга турган кишилер келет» деген үмүткөрлөр да арбын.
Ар бир ишти акыл-эс, ынтымак менен ийри отуруп, түз чечкенге эмне жетсин, бирок көп учурда акчанын азгырыгы менен эл алдап көнүп калган «шумпайлар» болбойт экен…
Мына бүгүн «Жерүй» боюнча түзүлгөн Элдик комиссиянын кеңешме, маалымат берүү жыйыны болгону турат. Баардык таластык эр-азаматтар келет деп ишенебиз!
Базарбай МАМБЕТОВ: «Канадалыктар Кыргызстандын алтын кенин тоноодо…»

Быйыл жыл башында (14-январда) Бишкектеги «Достук» мейманканасында “Жерүй: көйгөйлөр жана чечүү жолдору” аттуу тегерек стол болуп өткөн. Ага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, экономисттер жана активист жарандар катышкан. Анда мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов алтын кени боюнча баяндама жасап, канадалыктар Кыргызстандын алтын кенин тоноп жатканын бекем белгилеп айтты эле.

Андагы баяндаманы бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрүңүз.

Ушул иш-чараны уюштурган Айбек Мырза бүгүн мамлекеттик кызматта, Талас облусунун губернатору. Ал бүгүнкү жыйынды колдойбу же колдобойбу?…

Эске сала кетсек, 1969-жылы чалгындалган Таластагы «Жерүй» алтын кени Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологдор айтымында, ал жерде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар. 2015-жылы алтын кени аукцион негизинде 100 миллион долларга сатылып, орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасынын колуна тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Бизнесмендерге жүз пайызга сатып жибергендер деп андагы президент Алмазбек Атамбаевдин, ошол жылдагы премьер-министр Темир Сариев жана Өмүрбек Бабановдун аты аталып жүрөт.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.