Экономикалык мунапыс тууралуу мыйзамга Талант Мамытов кол койду. Ал эмне болгон мыйзам?

Экономикалык мунапыс тууралуу мыйзамга Талант Мамытов кол койду. Ал эмне болгон мыйзам?

Экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Экономикалык мунапыс маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, бул экономикалык кылмыштарды кылган жарандар үчүн жазаны жеңилдеткен Кыргызстандагы экинчи документ болуп калды. Талант Мамытов өткөн жылы 9-декабрда «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, 70 миллион сомдон аз суммага бааланган мүлкү бар жарандар аны өз ыктыяры менен декларацияласа, жоопкерчиликтен бошотулат.

23-декабрда Жогорку Кеңеш экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Документте Жазык кодексинин алты беренеси боюнча айыбын мойнуна алып, мамлекетке келтирген зыянын төлөп, мүлкүн декларациялаган жарандарды жазадан бошотуу каралган. Демилгечилер бул мыйзам менен азыркы кылмыш жообуна тартылган жарандардан кеминде 500 миллион сомду мамлекетке кайтарса болорун билдиришкен.

Чындап мыйзам иштесе, байлык-мүлкүн каткан жана аларды алыскы-жакынкы туугандарына, туугандарынын аяш-досторуна, куда-сөөгүнө, кошуна-колоӊуна каттатып коюп, декларацияда азыраак байлыгын көрсөтүп «адалсынган» көпөстөрдүн ар биринен 500 миллионду өндүрүп, алтүгүл өлкө карызынын көбүнөн кутулуп койгудай дарамет пайда болмок…

Эми, ал жагын да убакыт көрсөтөр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.