БШК: «Эртең, 9-январда, саат 8:00дөн тартып талапкерлер үгүт иштерин токтотууга тийиш!»

БШК: «Эртең, 9-январда, саат 8:00дөн тартып талапкерлер үгүт иштерин токтотууга тийиш!»

Президенттик шайлоого ат салышып жаткан 18 талапкер эртең, 9-январда, саат 8:00дөн тартып үгүт иштерин токтотууга тийиш. Бул тууралуу БШК бүгүн, 8-январда, билдирди.

Алардын айтымында, эртең — «жымжыртык күнү»: эл аралап үгүт жүргүзүүгө, ММК аркылуу жарнамаларды жарыялоого тыюу салынат. Бирок көчөлөрдөгү көрнөк-жарнактар кала берет.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттик тактыга 18 талапкер ат салышууда. Алардын үгүт иштери 15-декабрда башталган, ал добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт.

10-январда шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт. Бул күнү кыргызстандыктар өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.