Максат МАМЫТКАНОВ: «Шайлоо таза өттү. Административдик ресурс бул шайлоодо колдонулган жок»

Максат МАМЫТКАНОВ: «Шайлоо таза өттү. Административдик ресурс бул шайлоодо колдонулган жок»

Вице-премьер-министр Максат Мамыткановдун айтымында да шайлоо таза өттү. Ал мындай пикирин «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирген.

«Биз башында элге таза шайлоо өткөрөбүз деп убада бергенбиз. Биз убадабызга турдук. №2 форма болгон жок. Шайлоо жыйынтыгын бурмалоо, добуштарды сатып алуу сыяктуу ыкмалар колдонулган жок. Эң негизгиси административдик ресурс бул шайлоодо колдонулган жок», — деп билдирген М.Мамытканов.

Белгилей кетсек, Максат Мамытканов 6-январда «Азаттыктын» ушул программасына катышып жатып: «Биз жоопкерчиликти мойнубузга алып жатабыз. «Таза, калыстык менен шайлоо өткөрөбүз» деп убада бергенбиз. Убадабыздан тайбайбыз!» деп убаданы катуу берген эле…

Кечээ, 10-январда, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум болуп өттү. БШК айтымында, 17 талапкер ичинен Садыр Жапаров — 79,24% добуш алып жеӊишке жетти. Ошондой эле шайлоочулар 81,27% менен президенттик башкарууну тандап добуш бергенпарламенттик башкарууну жактагандар — 10,82%; экөөнө тең каршы — 4,42%.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.