Октябрь УРМАМБЕТОВ: «Өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө»

Октябрь УРМАМБЕТОВ: «Өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө»

Бүгүн, 11-январда, ИИМ жетекчисинин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов маалымат жыйынын өткөрүп, аймактардагы саясий абал тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкө аймагында шайлоо иш-чарасы учурунда ички иштер органдарынын 11 миңден ашык кызматкери “күчөтүлгөн тартипте” коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылды. Анын ичинде, 2 миң 426 шайлоо участогундагы коопсуздукту 5 миң 400дөн ашык кызматкер камсыздап, ыкчам чара көрүүчү 280ден ашык документтештирүү топтору иш алып барды. Жалпысынан шайлоого байланыштуу 112 факт катталган. Былтыркы парламенттик шайлоо менен президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларды салыштырып карап көргөндө, президенттик шайлоо учурунда мыйзам бузуулар 468 учурга же 80,7% аз катталган. Бул салыштырмалуу көрсөткүч — жарандарыбыздын шайлоого карата жоопкерчилиги жогору болгондугунан, туруктуулук жана өнүгүү үчүн ар бир жараныбыз кайдыгер эмес экендигинен кабар берет. Азыркы учурда өлкөдө коомдук-саясий кырдаал туруктуу жана ички иштер органдарынын көзөмөлүндө. Азыркы учурда, өлкө аймагында коомдук саясий кырдаал туруктуу, одоно тартип бузуулар орун алган жок, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда«, — дейт О. Урмамбетов.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.