Садыр Жапаровду куттуктаган Владимир Путин эмне болгон ишеничин айтты?

Садыр Жапаровду куттуктаган Владимир Путин эмне болгон ишеничин айтты?

Орусия президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду Кыргызстандын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Анын куттуктоосу Кыргызстандын жана Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.

Путин Орусия менен Кыргызстан элинин достук мамилесин чыңдоого, Борбор Азия аймагындагы коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө салым кошоруна ишеничин билдирген.

Буга чейин Түркиянын ТИМи Кыргызстанды президенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өтүшү менен куттуктаган маалыматты Twitter аркылуу таратса, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду телефон аркылуу куттуктаган.

Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА: «Бул акыркы жыйынтык эмес, бюллетендерди кол менен саноо жүрүп жатат»

БШКнын расмий маалыматтарына караганда, 10-январда президенттик шайлоого 17 талапкер катышып,  Садыр Жапаров 79% добуш алып жеӊишке жетти. 2-орунду ээлеген Адахан Мадумаров 6,69%, 3-орундагы Бабыржан Төлбаев 2,39% добуш алды. Ал эми референдумга шайлоочулар 80% добуш берген.

Бүгүн, 11-январда, саат 7:00гө карата маалыматка караганда, автоматтык эсептеги добуштардын 98%ы саналып бүттү, кол санак уланууда. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, бул акыркы жыйынтык эмес, бюллетендерди кол менен саноо жүрүп жатат, аймактык шайлоо комиссияларында иш улантылууда, натыйжасы 19 күндүн ичинде чыгарылат.

Ал ортодо президенттикке талапкер Курсан Асанов менен Адахан Мадумаров  шайлоону тааныбастыгын билдирди. Ал эми Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши сындуу эл аралык уюмдар шайлоо жыйынтыгын тааныгандыктарын жарыялашты…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Садыр Жапаровду куттуктаган Владимир Путин эмне болгон ишеничин айтты?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.