Эркингүл ИМАНКОЖОЕВА: «»Кумтөрдөгү» цианид чуусуна байланыштуу сот жылдырылды»

Эркингүл ИМАНКОЖОЕВА: «»Кумтөрдөгү» цианид чуусуна байланыштуу сот жылдырылды»

Бүгүн, 12-январда, Жогорку сотто «Кумтөр» алтын кен компаниясынын цианид чуусуна байланыштуу кассациялык арызы каралды. Сот «Кумтөр Оперейтинг Компани», «Кумтөр Голд» компаниясы менен доогерлердин айткандарын угуп, соттук отурумду 19-январга жылдырды. Бул тууралуу доогерлердин өкүлү, экс-депутат Эркингүл Иманкожоева журналисттерге билдирди.

Барскоондон башталган окуя…

Эсиӊиздерде болсо, 1998-жылы «Кумтөр» компаниясынын оор жүк машинеси авария болуп, 1740 килограмм цианид Барскоон дарыясына төгүлгөн. Анда хлорциан менен адамдар ууланганын ушул убакка чейин доогерлер (анын бири Эркингүл Иманкожоева) какшап айтып келатышат. Алардын айтымында, Ысык-Көл облусунда бир топ адам ууланган. 15 жылда 17 000 киши медициналык жардам алып, 12си каза болуп калган.

Цианид чуусуна байланыштуу Ысык-Көл облусунун тургундары (17 доогер) 2020-жылы августта Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылган. Сот доогерлердин арызын канаттандырып, «Кумтөр» алтын кен компаниясын 400 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген. Компания болсо, аларга коюлган доо негизсиз деп, доогерлерге келтирилген зыян буга чейин төлөнүп берилгенин айтып Жогорку сотко даттанган.

Сырдуу, табышмактуу «Кумтөр» алтын кениндеги келишим…

Чубактын кунундай чубалган «Кумтөр» алтын кенинин чыры, “ыры”, келишпестик дале чечилбей келет. Бул сырдуу да, чырдуу да маселе тээ Аскар Акаевдин бийлигинен бери эле келатат. Кыргызстанда «Кумтөрдү» иштеткен “Кумтөр голд компани” жана “Кумтөр оперейтинг компани” ишканаларына байланыштуу соттук териштирүү 2012-2013-жылдары эле башталган. Экотехинспекциясы 4 доо менен: “кенден чыккан калдыктар муздун үстүнө ташталган”, “жер катмары бузулган”, “эсепке алынбаган уу заттар калдык сактоочу жайларга төгүлгөн” жана “суу үчүн акы төлөнгөн эмес” деп сотко кайрылган. Сот да улам жылып отуруп, 2016-жылдын май, июнь айларында Бишкектин райондук соту бул өтүнүчтөрдү канааттандырган. “Центерра” «кыргыз өкмөтүнүн дооматтарын негизсиз» деп, Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын жарыялаган. 2017-жылы Стратегиялык келишимге кол коюлгандан бери “Центерра” да эл аралык арбитраждагы териштирүүнү улам кийинкиге жылдырып келди…

«Центерра Голд» компаниясы кайсы Өкмөт келбесин, аны менен тез тил табышып келишимди узартып келатышканы ачуу чындык. Тилекке каршы, бир дагы премьер-министр же президент муну ачык айтпай келет…

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «»Кумтөр» бул кыргыздын шору»

Мындан эки жыл мурун, Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүн дагы узартуу тууралуу макулдашуу болгонун аталган компаниянын басма сөз кызматы 2018-жылы 20-июлда ММКларга билдирген. Айтымында, келишимге эки тарап 2017-жылы 11-сентябрда кол койгон. Ал келишимге андагы премьер-министр Сапар Исаков кол койгону, аны кийинки келген премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиев да узартып жатканы парламентте айтылган. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев: «Өткөн Өкмөттүн кемчилигин кайталабаңыз! “Кумтөр» бул кыргыздын шору, Гиннес китебине кире турган афера» деп сыпаттаган эле…

«Сырдуу» келишимдер тууралуу «Азаттык» «Кумтөр» келишимдеринин кейиштүү таржымалы» деген аталышта алтын кен баянын мыкты ачып берген. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Максат МАМЫТКАНОВ: «Мындан ары бардык кендерди иштетүү ачык болот»

Алтын кендеринен алтын чайкап алуу 2007-жылы мыйзамдаштырылганын вице-премьер-министр Максат Мамытканов ушул жылдын 7-январындагы басма сөз жыйынында билдиргени менен ачык айткан эмес. Ал болгону элди жумуш менен камсыз кылуу максатта гана уруксат берилгенин айткан.

«Алтын кени боюнча карталар бар, анын ичинен бир кенди тандап алып, аны жууганга атайын патент алып, иштете берсе болот. Буга уруксат берилген. Бирок муну эл билбейт, анткени түшүндүрүлгөн эмес, маалымат ачык эмес. Мына, Чаткалда, Аксыда, Солтон-Сарыда ачык алтын кендери толтура. Чайкагандар бар, бирок аны кайда, кандай жол менен сатып жатышат? Бул маселени да мыйзамдаштырыш керек. «Кыргызалтын» ишканасы аркылуу алар өндүргөн алтынды сата алабызбы? Муну да карап көрүшүбүз керек! Мындан ары бардык кендерди иштетүү ачык болот, аларды мыйзамдуу иштетүүнү элге үйрөтүүнү жаңы өкмөт колуна алды», — деген эле Максат Мамытканов.

Жеңиш СЕЙДАЛИЕВ: «»Кумтөр» кайсы убакка чейин иштей турганы белгисиз»

Былтыр, 16-декабрда, «Кыргызалтындын» тышкы экономикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Сейдалиев «Кумтөр» боюнча «Азаттыкка» мындай деп маалымат берген: «Кумтөр» кайсы убакка чейин иштей турганы белгисиз. Ал боюнча «Центерра» менен «Кумтөр Голд» менен да сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Алар чалгындоо иштерин жүргүзүп жатышат. 2026-жылга чейин иштеп турса, балким анын иш мөөнөтү 2030-2031-жылга чейин узарышы ыктымал. Ага биз аракет кылып жатабыз».

Ал эми «Центерра Голд Инк» компаниясынын айтымында, алар 2026-жылга чейин алтын казууну токтотпойт. Себеби, алар бул маселе тууралуу расмий сайтына жайгаштырган. Анда «Кумтөр Голд Компани» 2021-жылы 515 миң унций, 2022-жылы 605 миң унций, 2023-жылы 375 миң унций, 2024-жылы 200 миң унций, 2025-жылы 105 миң унций жана 2026-жылы 85 миң унций алтын өндүрүүнү пландаганы жазылган. Кыскасы, 6 жылда 1 млн. 885 миң унций (53 тонна алтын) алынмакчы.

Садыр ЖАПАРОВ: «Кумтөрдө» алтын түгөнүп калган»

Мындай маалыматты президенттик шайлоодо жеӊишке жеткен Садыр Жапаров бийликке келгенче билбесе керек. Себеби, ал «Кумтөрдү» толугу менен мамлекетке өткөрүүнү бийликке келгенче талап кылып келген. Ал 2020-жылдын 5-6-октябрдын башындагы окуялардан кийин премьер-министр болуп, кийин президенттин милдетин да кошо аткарып калган. Журналисттерге маалымат жыйынын өткөргөндө, кесиптештер да, ага чейин андагы ЖК депутаты, учурда президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Талантбек Мамытов да «Кумтөр» тууралуу сураган. Анда ал «Кумтөрдө» алтын дээрлик түгөнүп калганын, аны мамлекетке кайтарып алуунун зарылдыгы жок экенин айткан.

Ак-Шыйрактагы алтын кени…

Кыргызстандагы алтын кендеринин эң ириси – «Кумтөр». Ал Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан. Анда учурунда алтындын 396 тоннадай кору бар деп эсептелген. 1997-жылдан 2018-жылга чейин 345 тоннадай, 2019-жылы, бир жыл ичинде 534,563 унций же 16 тоннадай алтын казылганы айтылган.

«Кумтөр» алтын кенинен кийинки сапта «Макмал», «Жерүй», «Талды-Булак», «Иштанберди», «Солтон-Сары» турат. Мындан башка дагы кендерибиз бар. Бирок, бардыгын чет өлкөлүк компаниялар иштетет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.